Нарын шаарындагы жаштар кыймылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык белек тартуулашты, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Жаңы жылдык белектер «Алга Нарын» коомдук жаштар бирикмесинин жаштары, «Даам» кондитердик цехи, социалдык өнүгүү башкармалыгы жана Нарын жаштар ордосу тарабынан тапшырылды.
Жаштар мындан ары да ушул сыяктуу кайрымдуулук иштерди улантыша берерин белгилешти.
Turmush
31.12.2016
http://www.turmush.kg/news:317390/?from=kg_turmush&place=newstoplast
Оставить комментарий