Көптөгөн майып адамдар факсимилдик кол коюуга, сурдокотормо менен камсыз кылууга муктаж

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери маселелери боюнча) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Д.Бекешев, К.Иманалиев, Э.Сурабалдиева, Ж.Акаев, С.Шер-Нияз.

Демилгечилердин айтымында, майыптардын адамдардын укуктары менен кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй негизги жоболор камтылган:

1) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамга БУУнун майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясына шайкеш келген бир катар аныктамалар киргизилет;

2) “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам” жана “Майыптыгы бар адам” деген аныктамалардын чектелишине байланыштуу бир катар мыйзамдарга “майып” деген сөздү алмаштырган “майыптыгы бар адам” деген сөз айкалышы боюнча түзөтүүлөр киргизилет;

3) колдорунун учтарында жана көрүү сезимдеринин көйгөйлөрү болгон адамдардын ар кандай документтерге факсимилдик кол тамгасын өз алдынча коюу укугу белгиленет;

4) угуу жана сүйлөөсү боюнча майыптыгы бар адамдарга ар кандай чөйрөлөрдө сурдотилмечке укугу кепилденет, ошондой эле сурдотилмечтердин статусу аныкталат;

5) “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн мамлекет тарабынан окуу куралдарын чыгарууну камсыздоого багытталган түзөтүүлөр киргизилет.

Депутат Дастан Бекешев өлкө аймагында факсимилди киргизүү зарылдыгын белгиледи. “Мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар документтерге кол коюу учурунда көптөгөн кыйынчылыктарга кабылат. Алар факсимилдик кол коюуну мыйзамдаштыруу, сурдокотормо менен камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылууда. Жаштардын сурдокотормо адистигине кызыгуусу аз. Ошондуктан, мамлекет аларга колдоо көрсөтүшү зарыл”, – дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда угуусу боюнча I, II, III топтордогу майыптыгы бар 5000дөн ашык адам, ошондой эле 5600гө жакын адам катталган. Судьялар, прокурорлор, милиционерлер, нотариустар өз ишинде Сокурлардын жана дүлөйлөрдүн кыргыз коому коомдук бирикмесине кайрылууга муктаж.

КР ЖК Басма сөз кызматы

http://www.kenesh.kg/ky/news/show/1743/koptogon-mayip-adamdar-faksimildik-kol-koyuuga-surdokotormo-menen-kamsiz-kiluuga-muktazh

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*