Караколдогу социалдык такси майып адамдарды бекер ташыйт

 

Бүгүн майыптыгы бар адамдар өз укуктарын керектүү жерлерине эркин барып келгенинен тартып, билим алууга, медициналык тейлөөгө, жумушка орношууга жана башкаларга жетүүгө чейин ишке ашырууга аракет жасашууда.

Алар ар кандай кесипке үйрөткөн курстарды өз күчтөрү менен уюштурушуп, киреше берер социалдык ишканаларды түзүшүүдө, балдардын абилитациялык жана реабилитациялык борборлору, жалпы билим берүүчү мектептерде инклюзивдик класстарды уюштуруп жатышат.

2010-жылы “Теңдик” коомдук уюмунун алдында социалдык такси иштей баштады. Бул кызматты түзүүнүн максаты 1-топтогу майыптыгы бар, коляскачан жана балдакчан адамдарды жеткиликтүү унаа менен камсыз кылуу болду, анткени бизде коомдук унаа иш жүзүндө майыптар үчүн жок. Оператор катары майыптыгы бар кыздар жумушка алынган. Азыркы учурда такси Каракол шаарында иштеп, шаардын алдыңкы таксилеринин бирине айланган. Анткени операторлук тейлөөсү толугу менен автоматташтырылган.

16.12.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*