Таласта 1-топтогу майып ата-бала оор турмушта жашап жатат (фото)

1

 

Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын 58 жаштагы тургуну Дөөлөт Карабаев 1-топтогу майып уулу Эрнис менен турмуш кечирип келет. Эрнис бул жылы 30 жашка толду.

Өзүнүн айтымында, 2002-жылы жубайы каза болуп калып, 2 уул, 2 кызды жалгыз тарбиялаган.
«2 кызым турмушта. Биринчи уулум Алмаз жокчулуктун айынан үй-бүлөсү менен Покровка айылында бир чабандын үйүндө мал багып эптеп күн көрүп жүрөт. Колумдагы уулум экөөбүз тең майыппыз. Уулум 1-топтогу майыптыгына карабай жайкысын ар кимдин талаасында жалданып иштеп, күнүнө 200-250 сом таап келет. Кээде ичээрге тамак-аш жок, кошуналардан сурайбыз.
2003-жылдан бери бир капталым кыймылдабайт. Баса албайм, баскан сайын титирей берем. Жакшы сүйлөй албайм. Уулум экөөбүздүн алган пенсиябыз 5 миң сом. Айыл өкмөт жактан куру убадалар берилип келет, бирок иш жүзүндө эч кандай жардам көрсөтүлө элек», – деди ал көзүнө жаш алып.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ата менен бала коомчулуктан жардам сурайт.

Turmush

15.12.2016
http://www.turmush.kg/news:316539

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*