Нурмухамед Бабаджанов. ТУУРА ТҮШҮНҮҮ – ИШТИН ЖАРЫМЫ же Шал оорулуу балдарды реабилитациялоо Кыргызстанда да башталды

img_0264

Нурмухамед Бабаджанов, врач-невропатолог

Майыптыгы бар адамдар дүйнө калкынын ондон бирин түзөт. Майыптыкка түздөн түз же кыйыр тиешем болбойт деп эч ким кепилдик кыла албайт. Буга дүйнөдө өтө кеңии жайылган балдардын шал оорусу айкын мисал боло алат. Бул илдет айыкпаган ооруларга кирсе да, аны мүмкүн болушунча эрте аныктап, тиешелүү мамиле жасоо менен кесепетин бала үчүн да, коом үчүн да олутуу жеңилдетүүгө болот. Өнүккөн өлкөлөрдө муну аныктоонун, оорчулук даражасын табуунун жана ага ылайык медициналык-социалдык таасир этүүнүн белгилүү бир жол-жобосу, системасы калыптанган.

Шал оорулуу балдарды реабилитациялоо Кыргызстанда да аздап жандана баштады. Өкмөттүн “Майыптарды 2010-2015-жылдарда мамлекеттик колдоо чараларынын комплексин бекитүү тууралуу” токтому Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө турат. Бул комплекстин башкы милдеттери майыптыгы бар адамдарга жакшы мамиле жасоо саясатын өнүктүрүү, майыптыгы бар балдар тууралуу толук маалымат камтылган базаны түзүү жана майыптыгы бар адамдарды акысыз медициналык тейлөө, анын ичинде медициналык жардамдын жогорку технологиялуу түрлөрү менен тейлөө болуп саналат.

Шал оорусун айыктыруунун, б.а. илдеттүү мээнин милдеттерин калыбына келтирүүнүн негизги принциптери катары эртелеп дарылоо жана реабилитациялоо, ар бир балага жекече мамиле жасоо, реабилитацияга комплекстүү мамиле жасоо ж.б. чаралар эсептелет. Кыргызстан калыбына келтирүүчү дарылоо жана курортология илимий изилдөө институту өнөкөт оорулуу жана майыптыгы бар адамдардын бардык категориялары үчүн башкы реабилитациялык уюм болуп саналат. Медициналык реабилитациялоонун аймактык борборлору Кочкор-Ата, Ош жана Жалал-Абад шаарларында бар. Андан сырткары “Ак-Суу” реабилитациялык бөлүмү жана “Максат” балдар санаторийи иштейт. Бул мекемелердин баарында шал оорусунан жабыр тарткан балдардын өнүгүүсү үчүн зарыл болгон процедуралардын комплекси жасалат. Алар медикаментоздук жана медикаментоздук эмес (укалоо-машыктыруу, психологиялык-педагогикалык жана социалдык-уюштуруу) болуп бөлүнөт.

ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Нобель сыйлыгынын ээлеринин төрттөн бири майыптыгы бар адамдар, алардын ичинде шал оорусу менен ооругандар да бар. Майыптыгы бар адамдарга тийиштүү мамиле жасалса алар өздөрүнүн эле эмес, алты саны аман башка элдин да жүгүн көтөрүп кетүүгө жөндөмдүү экенин баарыбыз түшүнүшүбүз керек.

29.11.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*