Назиржан Тайлаков. Ноокендик программист

img_0144

Назиржан Тайлаков Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Маасы айылында жашайт. Жергиликтүү элге Ноокендик программист катары таанымал.

8 жашында кырсыктан улам эки колунан ажыраган Назиржан учурда компьютердик технологиялар багытында алтын кол адистердин  катарын толуктайт. Мындай ийгиликтин артында  эбегейсиз мээнеттин  тургандыгын ал өзү да жашырбайт.

Назиржан 4-класстан баштап калемди тиштеп жазганды үйрөнгөн.  Мындай өжөрлүккө, тырышчаактыкка апасы дем берип, талапты катуу коюп келгенин айтат. Албетте башкалар шылдыңдаган күндөр болгонун, бирок кийин баарына көнүп, тагдырга баш ийгенин, жана азыр эч нерседен өкүнбөсүн айтат.

Информатика багытын мыкты өздөштүргөн Назиржандын учурда  10дон ашуун шакирттери бар. Алардын көпчүлүгү учурда жумуш менен камсыз болушкан. Эң башкысы Ноокендик программист деген ат менен коомчулукта урмат-сыйга ээ болгон замандашыбыз, учурда  бир катар мекеме, ишканалар менен атайын келишимердин негизинде  тыгыз кызматташып келет.

29.11.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*