Гүльмира Казакунова. Өлкөнү өнүктүрүүгө биздин салым

 


img_0012

Гүльмира Казакунова , “Ысык-Көл областынын “Теңдик” майыптар союзу” коомдук уюмунун жетекчиси. 2010-жылдан тарта Финляндиялык “Абилис” фондунун өнөктөшү болуп саналат.  

Биз майыптар дуушар болгон көйгөйлөр, кыйынчылыктар жана үндөөлөр тууралуу көп айтабыз. Тилекке каршы, коом алардын биздин өлкөнүн өнүгүшү үчүн, биздин өлкө тең укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү болуп калышы үчүн кошкон салымын байкабай келет.

Мен ишим боюнча өлкөнүн аймактарын көп кыдырам. Өз жарандык укуктарын таанып билип, аларды өздөрү ишке ашырууга аракет кылып жаткан ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды көрүп, алакалашам. Алар уюмдарды, ишканаларды, жумушчу орундарын түзүшүп, жеке ишкердик менен шугулданып, турмуштук оор абалдан татыктуу чыгуу үчүн алпурушуп жатышат.

Бүгүн майыптыгы бар адаимдар өз укуктарын керектүү жерлерине эркин барып келгенинен тартып, билим алууга, медициналык тейлөөгө, жумушка орношууга жана башкаларга жетүүгө чейин ишке ашырууга аракет жасашууда.

Бүгүн майыптыгы бар адамдар ар кандай кесипке үйрөткөн курстарды өз күчтөрү менен уюштурушуп, киреше берер социалдык ишканаларды түзүшүүдө, балдардын абилитациялык жана реабилитациялык борборлору, жалпы билим берүүчү мектептерде инклюзивдик класстар уюштурулууда.

2010-жылы “Теңдик” коомдук уюмунун алдында социалдык такси иштей баштады. Бул кызматты түзүүнүн максаты 1-топтогу майыптыгы бар, коляскачан жана балдакчан адамдарды жеткиликтүү унаа менен камсыз кылуу эле, анткени бизде коомдук унаа иш жүзүндө биз үчүн жок болчу. Оператор катары майыптыгы бар кыздар жумушка алынган. Азыркы учурда биздин такси Каракол шаарында иштеп, шаардын алдыңкы таксилеринин бирине айланган. Анткени операторлук тейлөөсү толугу менен автоматташтырылган.

Бул бир эле мисал, мындай иштер өлкө боюнча аз эмес.

“Стимул” борбору “Лейлек районунда майыптыгы бар 20 жаш адамды ишке орноштурууга көмөктөшүү” долбоорун ишке ашырууда.

“Кол табы” коомдук фонду майып балдары бар энелерди кесипке үйрөтүп, ишке орноштуруу менен алектенет. Бул долбоор “Иштерман кол жөн тура албайт” деп аталат.

“Биздин кыял – бирдей мүмкүнчүлүк” коомдук уюму майыптыгы бар адамдарды “Бублик” кофеканасына жана кондитер цехине ишке орноштуруу менен алек.

“Борбордук Азия аялдары” коомдук фонду Баткен областында, Исфана шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарды улуттук чапандарды тигүүгө үйрөтүүдө.

“Назик кыз” коомдук уюму “Көз каранды эмес айым”, “Майыптыгы бар кыздарды жибек саймалоого үйрөтүү жана ишке орноштуруу”, “Экобаштык тигүү жана майыптыгы бар кыздарды ишке орноштуруу” сыяктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууда.

“Мүмкүнчүлүк” коомдук фонду Нарын шаарында тоок багып, жумуртка сатуу менен алектенет.

“Жылмаюу” коомдук фонду 16дан 25 жашка чейинки майыптыгы бар жаштар үчүн бизнести пландоо, минизайм алуу жана өз бизнесин ачуу боюнча тренинг өткөрүүдө.

“Үмүт шамы” коомдук фонду Баткен шаарында майыптыгы бар адамдарды, майыптыгы бар өспүрүмдөр менен жаштарды кулинариялык ишке окутууда.

“Балдар өмүр булагы” коомдук уюму Ысык-Көл областынын Түп айылында майыптыгы бар адамдарды бал челек кармоого үйрөтүүдө.

29.11.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*