Баракова Жанна. «Майыптыгы бар адамдар үчүн ИКТ тейлөөсүнө жетүүнү камсыз кылуу»

Баракова Жанна, И. Раззаков атындагы КМТУга караштуу Электроника жана телекоммуникация институтунун окутучуусу

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көрүүсү бузулган балдар атайын ыкма менен басылган окуу куралдары менен адабияттар жетишпегендиктен билим алууга өз укугун толугу менен ишке ашыра албай калып жатышат.

Дагы бир көйгөй – коляскадагы майып балдардын жол кыймылы үчүн шарттын жоктугу. Советтик мезгилде курулган көптөгөн окуу жайларда пандустар да, атайын санитардык жайлар да жок. Биз пандустарды ылайыкташтырып жасоого аракеттенип жатабыз, бирок бул дайыма эле натыйжалуу болгон жок, себеби, имараттын долбоору майыптын коляскасынын жүрүшүнө эч бир эсептелген эмес.

Майыптыгы бар адамдардын көпчүлүгүнүн билими,  квалификациясы жок болгондуктан аларды жумушка да кабыл алышпайт. Мунун баары коомдо кошумча чыңалууну жаратып, өтө зор сандагы адамдарды “керексиз” кылууда.

Бүгүнкү күндө баштапкы адистик билим берүү системасынын 19 окуу жайында 869 майыптыгы бар адам окуйт.

Ийгилик борбору тууралуу

Ийгилик инклюзивдик билим берүү борборунда көрүүсү бузулган пайдалануучулар үчүн 6 жумушчу оруну (сокурлар үчүн 3 жумушчу оруну жана көзү начарлар үчүн 3 жумушчу оруну);

Колу-буту иштебеген адамдар үчүн 6 жумушчу оруну (булчуң атрофиясы жана миопатия формасындагыларга 2 жумушчу оруну, колдордун спастикалык-гиперкинетикалык бузулуу формасындагыларга 2 жумушчу оруну, жогорку каруусу жокторго 2 жумушчу оруну).

Кыргызстанда инклюзивдик билим берүүгө ылайыктуу маалыматтык окутуу борборун түзүү тажрыйбасын пайдаланып, электрондук жана кадимки окуу-методикалык комплексинин фондун пайдаланып, Борбордук Азия аймагында билим берүү мекемелерин өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагынын долбоорлорун колдоого болот.

Андан ары окутуучулар менен майыптыгы бар адамдардын ортосундагы практикадагы өз ара мамиленин өзгөчөлүктөрү, кадрлар менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүү жана майыптыгы бар адамдар менен иштөөчү окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жолдору иликтениши мүмкүн.

29.11.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*