Бакыт Калиев. Кыргызстандагы паралимпиадалык оюндар

img_9632

Бакыт Калиев, паралимпиадалык спорттун Түштүк аймактык ассоциациясынын жетекчиси

Тарыхы

Паралимпиадалык оюндар – бул мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн өтө кадыр-барктуу спорттук мелдештер болуп саналып, аларга тандоо улуттук, аймактык жана дүйнөлүк сынактардын алкагында өтөт.

1948-жылы Сток-Мандевилль реабилитация госпиталынын врачы Людвиг Гуттман Экинчи дүйнөлүк согуштан жүлүнү жабыркап кайткан британиялык ардагерлерди спорттук мелдешке катышуу үчүн чогултат. “Кыймылдоо мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спорттун атасы” атыккан Гуттман жүлүнү жабыркаган майыптардын жашоосун жакшыртуу үчүн спортту пайдалануунун чечкиндүү жактоочусу болгон. Паралимпиадалык оюндардын башаты болгон алгачкы мелдештер 1948-жылы Коляскачандардын Сток-Мандевилль оюндары деп аталган. Гуттмандын өтө алысты көздөгөн максаты – кыймылдоо мүмкүнчүлүгү чектелген спортсмендер үчүн Олимпиада оюндарын уюштуруу максаты болгон. Согуштун ардагерлери эле эмес, башка майыптыгы барлар да тартылган IX Сток-Мандевилль оюндары 1960-жылы Римде болуп өтүп, ага 23 өлкөдөн келген коляскачан 400 спортчу катышкан. Ал расмий Биринчи паралимпиадалык оюндар деп эсептелет. Ошондон тарта дүйнөдө паралимпиадалык кыймылдын ургаалдуу өнүгүүсү башталган.

1976-жылы Эрншёльдсвикте (Швеция) алгачкы кышкы Паралимпиадалык оюндар өткөрүлгөн.

Паралимпиадалык спорттун 4 олуттуу баалуулугу бар:

  • Эрдик, б.а. стереотиптерди бузуп, күтүүсүз нерсени ишке ашыруу жана мүмкүн болбогон нерсеге жетишүү;
  • Беттегенин бербөө, б.а. өз кыймыл-аракетин мүмкүн болушунча үрөп, тоскоолдуктарды жана ыңгайсыз шарттарды жеңип чыгуу;
  • Шыктануу, б.а. паралимпиадачы спортчулардын эркинин күчүнө жана жетишкендиктерине суктанып, аларды өз жашоосунда үлгү катары пайдалануу;
  • Теңдик, б.а. паралимпиадалык спорт майыптыгы бар адамдарды кемсинткен социалдык тоскоолдуктарды жок кылат.

Паралипиадалык кыймылдын эмблемалары

ujm

Паралимпиадалык кыймылдын эмблемасы алгачкы жолу 2006-жылы Туринде өткөн оюндарда жаралып, андан бери  жыл сайын ачыгыраак таанымал болуп баратат. Латынча «agito» кыймылдатуу, багыттоо, умтулуу дегенди билдирет. Үч жарым сфера Акыл-эс, Дене жана Жан дүйнө символу. Агитостордун мааниси паралимпиадалык оюндардын “Кыймылдагы жан дүйнө” девизине түздөн түз шайкеш келип, мүмкүнчүлүгү чектелген бардык адамдарды жеңилбөөгө жана жаңы жетишкендиктерге умтулууга чакырат.

Кыргызстан – паралимпиадалык оюндарда

2016-жылы сентябрдын 7синен 18ине чейин Бразилияда, Рио-де-Жанейродо өткөн XV паралимпиадалык оюндарга Кыргызстандан 3 спортчу барган. Пауэрлифтерлер Эсен Калиев менен Жыргалбек Оросбаев 5- жана 6-орундарды, ал эми жеңил атлет Арстанбек Базаркулов 9-орунду ээлеген.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу “Цефей”, “Данакер”, Баяра”, “Эл шамы” коомдук бирикмелеринин күч-аракети жана жергиликтүү администрациянын,  коомчулуктун колдоосу менен Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Жалал-Абад областтык 1-спартакиадасы өткөрүлгөн. Спартакиада Кербен шаарында өтүп, ага областтын дээрлик бардык райондорунан майыптыгы бар 80 спортчу келген. Мелдештер спорттун 5 түрү: коляска менен жарышуу, армрестлинг, гиря спорту, шахмат, шашки боюнча уюшулган.

            Андан соң биз эстафетаны Жалал-Абад шаарына бердик. Кийинки жылы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын областтык 2-спартакиадасы ошентип Жалал-Абад шаарында өткөн. Анан эстафетаны Шамалды-Сай шаар тибиндеги поселегуна, анан Майлы-Суу шаарына бердик. Андан кийин спорттук мелдештерди өткөрүү милдетин Жалал-Абад областтык администрациясы жана мелдеш өткөрүлчү райондун администрациялары алышты. Акыркы Спартакиада Сузак районунда өттү. Келерки жылы болсо майыптыгы бар спортчулар Ала-Бука районуна барышат. Ошентип биз Жалал-Абад областынын бардын аймактарын камтууну тилек кылып олтурабыз. Кийинки жылы мындай спартакиадалар өлкөбүздүн бардык областтарында өткөрүлө баштаарына ишенем.

29.112016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*