Акбаева Жаңыл. «Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоодо МСЭКтердин ролу»

reab

Акбаева Жаңыл, Медициналык-социалдык экспертизанын республикалык борборунун директору  

 Адамзат майыптыгы бар адамдарды жээрүүдөн жана “көрмөксөнгө салып жок кылуудан” тарта жолду басып өтүп, акыр аягында алты саны аман эмес жана акыл-эстен кемчилиги бар адамдарды коомго интеграциялоонун жан реинтеграциялоонун зарылдыгын түшүнүүгө чейин жетти. Бүгүнкү күндүн көз карашынан алганда майыптыкты бир адамдын эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү катары кароо керек. Демек, медициналык-социалдык экспертиза күбөлөндүрүлүп жаткан адамдын социалдык коргоо чараларына, анын ичинде реабилитацияга керектөөсүн аныктап, организмдин милдеттеринин туруктуу бузулушуна алып келген ден соолук көйгөйүнөн келип чыккан турмушка жарамдуулуктун чектелишин баалайт.

Ошондуктан бул жарандарды социалдык коргоонун артыкчылыктуу багыты майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо болууга тийиш.

Медициналык-социалдык экспертиза жана майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо бирдиктүү эксперттик- реабилитациялык системанын өз ара байланышкан элементтери деп айтууга болот. Мунун негизин реабилитациялоо программасы түзүп, ал майыптыгы бар адамдарга коомдун толук укуктуу жана толук кандуу мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Республика боюнча 27 медицианалык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) иштейт. Алардын 19у жалпы, 8и атайын профилдеги МСЭКтер. Биздин негизги милдетибиз – майыптыгы бар адамдардын статусун аныктоо максатында экспертиза жүргүзүү.

Майыптыгы бар адамдардын санынын көбөйүү динамикасы

Бардык майыптар

18 жашка чейинки бала майыптар

Акыркы жылдары майыптыгы бар адамдардын саны чоңдор боюнча да, балдар боюнча да көбөйүүдө. Майыптыгы бар деп баштапкы таанылгандар бир аз азайганына карабастан, майыптыгы барлардын саны жалпысынан өсүүдө. Бул заманбап медицианын мүмкүнчүлүгүнө, майыптыгы бар адамдардын өмүрүнүн узарышына байланыштуу.

Жылына 65 миң жаран күбөлөндүрүүдөн өтөт, алардын болжол менен 12 миңи балдар, 53 миңи чоң кишилер.

Республиканын МСЭКтеринин ишмердигинин негизги көрсөткүчтөрү (Медициналык-социалдык экспертизанын республикалык борборунун маалыматы)

Бардык күбөлөндүрүлгөндөр (киши), анын ичинде:

майып балдар

майып чоң кишилер

майыптыгы баштапкы таанылган балдар

майыптыгы баштапкы таанылган чоң кишилер

2015-жылы чоң кишилер жана балдар арасындагы баштапкы майыптуулуктун жашаган жери боюнча бөлүштүрүлүшү

Чоң кишилер

Балдар

Айыл

Шаар

Шаар

Айыл

 2016-жылы 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасын бекитүү тууралуу” № 560-токтомуна кол коюлду. Анда майыптыгы бар адамдарды коомго толук кандуу интеграциялоо үчүн реабилитациялык тейлөөнүн мамлекет кепилдик кылган түрлөрү жана аларды алуу шарттары жазылган.

Реабилитациянын бардык аспекттерин эске алуу менен ар бир майыптыгы бар адамга жекече реабилитациялоо программасы (ЖРП) иштелип чыгууга тийиш. ЖРП майыптыгы бар адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен иштелип чыгат жана анда көрсөтүлгөн тейлөөнү алуу үчүн расмий документ болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чейин реабилитациялоонун жекече программасын иштеп чыгууга талаптар аныкталбаган эле, 18 жашка чейин балдардын жаш өзгөчөлүктөрү эске алынбаган эле, ЖРПдагы мамлекет кепилдик кылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардан каржыланган кошумча реабилитация түрлөрү бар реабилитациянын базалык тейлөөнүн ортосундагы айырма так аныкталган эмес болчу.

Ошентип медициналык-социалдык экспертиза элдин саламаттыгын жакшыртууга, эмгекке жарамдуулугун сактоого, жашоого жарамдуулуктун чектелишин азайтууга же биротоло жок кылууга, турмуш шарттарын жакшыртууга, оорулууларды жана майыптыгы бар адамдарды коомго максималдуу интеграциялоо же реинтеграциялоо багытталган мамлекеттик система болуп калууга тийиш.

29.11.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*