«Ыйман» фонду тарабынан “Коопсуздук жана руханият” долбоорунун алкагында, ОБСЕнин Бишкектеги борбору менен биргеликте семинар уюшулуп, анда жарандардын руханий-идеологиялык коопсуздугун бекемдөө жана алардын зомбулук көрсөткөн экстремизм менен радикализмге каршы күрөшүүдөгү маселелерге катышуусу боюнча сөз болду.
ОБСЕнин Бишкектеги борборунун өкүлү Павел Халашнюк өз сөзүндө “Жакында эле болгон чукул кырдаал көрсөткөндөй, жаштар бул өңдүү терс көрүнүштөрдүн курмандыгы болуп калат экен. Мындан улам, мамлекеттик органдар жаштар менен тыгыз иштеп, алдын алуу максатында эл аралык уюмдар менен байланышты жакшыртуу керек”-деди.
Семинарга Ысык-Көл облустук ИИБнын 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Ысык-Көл, Тоң, Түп, Аксуу, Жети-Өгүз районунун жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштешүү инспекторлору катышты.
Семинардын программасына исламдын багыттары жана агымдары, диний уюмдардын радикалдашуусу, экстремизмге каршы укуктук аспектилер боюнча темалар кирген. Андан тышкары замамбап геополитикадагы диний манипуляциялоо, радикализм, экстремизм жана терроризмдин маңызы боюнча да талкуулар камтылган.
Оставить комментарий