Алименттерди жана алименттик милдеттенмелер боюнча карыздарды өндүрүүдө келип чыккан укуктук көйгөйлөр.

Финляндия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУӨП (ПРООН) ишке ашырып, ал эми жер жерлерде LBD консалтинг менен ЛАРК өнөктөштүк уюму тармагынын эксперттери жана юристери аткарып жаткан «Сот адилеттигине жетүү» деген багытта долбоордун старт алганына үч ай болду.

Аталган үч айлыкта, долбоордун пайда көрүүчүлөрүнө, же башкача айтканда (бенифициарларына), алар болсо калктын социалдык аяр топтору же тактап айтканда: аялдар, ден соолугу чектелген адамдар, тобокелчилик тобундагы балдар жана жаштарга, долбоордун алкагында ооз эки, жана жазуу түрүндө кеңеш берип, алардын кызыкчылыктарын соттон тышкары жана сотто коргоп келе жатабыз.

Жогоруда атап өткөндөй, долбоордун пайда көрүүчүлөрүнүн бири бул аялдар болгон үчүн, алар көбүрөөк мамлекет тарабынан бериллүүчү жөлөк пулдар, никени ажыратуу, жана жашы жетпеген балдарга алимент өндүрүү маселелер боюнча кайрылышат.

Бирок, аталган маселелерди жөнгө салган биздин Республикабыздын укук ченемдик актылары идеалдуу болбой, аларда көп учурда көмүскө, жана карама-каршылыктар болгон үчүн, менин «ЛАРКОш» коомдук фондунун юристи катары, макаламдын темасын тандоого негизги түрткү болду.

Негизи практика жүзүндө, үй-бүлө бузулганда, нике ажыратылып, жашы жетпеген балдар көбүрөөк энелердин карамагында калат. Ошол үчүн, жашы жетпеген балдарды багуу максатында, аялдар аталыкты белгилөө, аталыкты (энеликти) талашып-тартышуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылчылыгы менен байланышпаган учурда, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 86 жана Граждандык процесстик кодексинин 247 беренелерин жетекчиликке алып, аларга алиментти өндүрүү жөнүндө соттон соттук буйрук алышат.

Аталган соттук буйрукта соттор, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 86 беренесинин 1 пунктунда көрсөтүлгөн бир балага – ата-эненин иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага – үчтөн бири, үч же андан көп балага – жарым өлчөмдө алимент өндүрөт.

Ал эми дагы бир учурда, балдарды баккан ата-энелер, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 88 беренесинде көрсөтүлгөн учурда, же б.а. ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса жана (же) дагы башка кирешеси болсо, же эгерде бул ата-эне эмгек акысын жана (же) дагы башка кирешесин толук же жарым-жартылай натуралай же чет өлкөлүк валютада алса, же эгерде анын иштеп тапканы жана (же) дагы башка кирешеси жок болсо, ошондой эле башка учурларда, эгерде ата-энесинин иштеп тапканынан жана (же) дагы башка кирешесинен алимент үлүшүн өндүрүүгө мүмкүн болбосо, кыйынчылык туулса, же тараптардын бирөөсүнүн таламдары кыйла бузулган учурда, алименттин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада соттук чечимдин негизинде өндүрүп жүрүшөт.

Жогоруда атап өткөн эки учурда тең, практикада укуктук көйгөлөр жаралууда, жана булар мындай:

Биринчи учурда, сот, алимент өндүрүү жөнүндө соттук буйрук чыгарып жатып, алименттин өлчөмүн көрсөтпөй, бир балага – ата-эненин иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага – үчтөн бири, ал эми үч же андан көп балага жарымы өндүрүлсүн деп гана көрсөтөт.

Аталган соттук буйрук, сот аткаруучулар тарабынан аткарылып жатканда, көп учурда алимент пайдасына өнгөн, же карызкор ата-эненин укуктары бузулат. Себеби, соттук буйрукта көрсөтүлгөн өлчөм, сот аткаруучулар тарабынан көп учурларда, расчет катары өз учурунда алимент өндүрүүчүгө жазуу түрүндө берилбейт, берилсе дагы, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 86 беренесинин 4 пунктун, жана Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу мыйзамдын 78 беренесинин 2 пунктун жетекчиликке алуу менен, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша сот аткаруучулар тарабынан чыгарылат.

Белгилеп кеткен берененин биринчиси, алимент төлөгөн ата-эненин эмгек акысынын жана (же) колдо киреше жок болгон учурда, ал эми экинчиси, алимент боюнча карыз бар учурда, карызкор эч жерде иштебесе, карыз ошол жердеги орточо эмгек акыдан келип чыгуу менен аныкталат деп белгиленген.

Бул беренелерди практика жүзүндө, шаар жана райондогу сот аткаруучулар колдоого алышат. Бирок, колдоого алып жатып, алар алимент боюнча расчет биринчи жолу чыгып жатабы?, же карыз катары көп айдан бери карызкор алимент төлөбөй келеби? деген суроону алдыларына коюшпайт. Андан сырткары, айыл жеринде, Республикабыздагы жер реформасынын натыйжасында 0,05 га дан кем эмес өлчөмдө жер үлүшү бар карызкорлор, Кыргыз Республикасынын 2015 жылдын 24 июнундагы «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» мыйзамынын 3 беренесине ылайык, жарандардын иш менен камсыз кылынган катмарына кирген үчүн, аларга жогорудагыКыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 86 беренесинин 4 пункту менен Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу мыйзамдын 78 беренесинин 2 пункту колдонууга жатабы, же жатпайбы деген суроону алдыларына коюшпайт.

Менин жеке юрист катары көз карашым боюнча, айыл жерлерде туруктуу жашаган, дыйкан же фермердик чарбанын мүчөсү катары, ошол чарбанын карамагында жер үлүшү бар карызкордун алиментинин өлчөмү, анын ошол жер үлүшүнөн тапкан кирешесинен, же болбосо, мыйзамда көрсөтүлгөн натуралай азык-түлүк катары өндүрүлүүгө тийиш.

Башында белгилеп кеткен экинчи учур, бул соттордун Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 88 беренесин жетекчиликке алып, карызкор ата-энеден туруктуу суммада алимент өндүрүп коюшу, же болбосо, мыйзамда көрсөткөн карызкор ата-эненин туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алып турса жана (же) дагы башка кирешеси болсо, же эгерде бул ата-эне эмгек акысын жана (же) дагы башка кирешесин толук же жарым-жартылай натуралай же чет өлкөлүк валютада алса дагы, соттордун доо арызды канааттандыруудан баш тартып, арызды соттук буйрук өндүрүшү боюнча берүүнү талап кылуусу.

Негизи практикада, аталган берене кандай учурда колдонулушу тууралуу көптөгөн суроолор пайда болот. Себеби, азыркы базар экономикасында чын чынына келгенде, калктын көптөгөн катмары Россия, Казахстан жана башка өлкөлөрдө иштеп, алардын кирешеси туруктуу болбой, ал жерде тапкан кирешеси чет өлкөнүн валютасында болуп, ал эми сотко кайрылган ата-эне, карызкордун ал жакта канча пайда таап, канча айлык алып жатканын справка менен далилдей албай, бир гана анын ал жакта иштеп жатканын, соттук отурумга күбөлөрдү алып келип тастыктоосу, далил катары эсептелбегендиги көйгөй жаратууда.

Ал эми кээ бир учурларда, соттордун туруктуу эки жүз же төрт жүз сом өлчөмдө алимент өндүрүп коюшу, жылдар өтүп, инфляциянын кесепетинен ал акча менен бир баланы багууга каражат жетпей калганына себеп болууда, жана биз аткарып жаткан ушул долбоор боюнча юридикалык жардам алган жараан, Араван районунун, Нур-Абад айыл өкмөтүнүн, Кайрагач-Арык айылынын, Бойтобу көчөсүнүн тургуну Абдукаюмова Дилрабо Турдалиевнанын укуктук көйгөйү дагы ушундай соттук актыдан келип чыккан.

Тактап айтсак, 2006 жылы, соттук актынын негизинде, Дилрабонун жолдошунан,  ортодогу “ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балага” 200 (эки жүз) сом өлчөмдө, туруктуу суммада алимент катары өндүрүлгөн. Ошол учурдан тартып ал, эки жүз сом алимент алып, баланы багып келет, ал эми азыркы учурда,  Ош облустук мамлекеттик статистика башкармасынын 14.04.2016 жыл, №06-13-08 сандуу алынган тактамасына ылайык, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2016 жылдын биринчи кварталына карата Ош областы боюнча 1-17 жашка чейин баланын жашоо минимуму 4619,64 (төрт миң алты жүз сом 64 тыйын) сомду түзөөрүн, жана Араван райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн 25.04.2016 жыл, №157 сандуу справкасына ылайык, Араван району боюнча, 2016 жылдын январь жана февраль айларына бекитилген орточо айлык майанасы 7 792,70 (жети миң жети жүз токсон эки сом 70 тыйынды) сом болгонунан кабары дагы жок болуп, жана аталган туруктуу сумманы,  Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 124 беренесинин негизинде сотко кайрылуу менен өзгөртүп, анын өлчөмүн көбөйтүүгө укугу бар экенин, долбоор боюнча бизге кайрылып, билип жүрөт.

Долбоор боюнча анын кызыкчылыгын мен сотто коргоп, алиментинин өлчөмүн ай сайын 2000 (эки миң) сомдон өндүрүүгө жетиштик.

 

Ошентип, баардык аталган укуктук көйгөйлөр, үй-бүлө кодексинин алимент боюнча беренелеринде айыл жергесинде жашап, алимент боюнча карызкордун жер үлүшү бар болгондо, андан кандай тартипте алимент өлчөмү саноо жана өндүрүү менен, сот аткаруучулардын мыйзамында, ушул маселелерди так жөнгө салган беренелер жок болуп, ал жерде бир гана алимент боюнча карыз маселеси каралган үчүн, жана сот аткаруучуларга алимент өндүрүү боюнча арналган жобо же инструкциясы болбогондугунан келип чыгууда деп ойлойм.

 

Эксперт-юрист, Кенжекулова А.А.

10.11.2016

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*