Нарын шаарында 40 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү аялга эл жана кайрымдуу адамдар үй салып беришти

Нарын шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Жаркынай Ташикеевага үй салынып берилди. Ал 1-топтогу майып, тубаса бир кулагы укпайт жана бир көзү көрбөйт. Ошентсе да түймө түйүп, курак курайт.

“Күн чырагы” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдук бирикмесинин жетекчиси Шакен Жакыева Ж.Ташикееванын үйлүү болуп калышы кандайча ишке ашканын айтып берди.

”Жаркынай Ташикееванын ата-энеси каза болуп калган. Кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамга турмушка чыгып, 1 кыздуу болгон. Кызы да каза болуп калды. Күйөөсү экөө 4 жыл батирде турушуп, кийин ал батирди ээси сатып жибергендиктен жашаганга жери жок калышкан. 2012-жылы чуркап жүрүп мамлекеттен жер алып бергенбиз, өткөн жылы үйдүн пайдубалы куюлду. Быйыл кандай кылып салабыз деп айлабыз кетип, “Кайрымдуу бол” деген үкөк уюштурдук. Жергиликтүү бийликке, мэрияга, шаардык депутаттардын төрагасына, мекеме-ишканаларга, атуулдарга кайрылып отуруп 3 айда 70 миң сом чогулттук. Анан үйдү салып баштадык, күйөөсү болсо курулуш башталганда эле кетип калды.

70 миң сомго үй салуу деген азыркы заманда адам ишене турган сөз эмес дечи. Эшик-терезелердин кашектерин, курулуш материалдарынын бир тобун элден чогулттук. Карапайым эл, кайрымдуу адамдар колдон-буттан алып жардам берип жиберишти”.

Ш.Жакыева маалымдагандай, Жаркынай Ташикеева 40 жашта. Ал 14 жылдан бери аталган коомдо мүчөлүктө турат. Жаңы салынган үй 3 бөлмөлүү. Үйдү жылуулук жана электр энергиясы, суу, телефон сыяктуу зарылчылыктар менен камсыз кылуу маселелерин жергиликтүү бийлик чечип берген.

Автор: Айсара Тыналы кызы
04-11-2016
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/165193/

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*