Кызыл-Кыяда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды (фото)

 Кызыл-Кыя шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө азык-түлүктөр таратылды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Мүмкүнчүлүгү чектелген баласын тарбиялаган Канайым Кудаярованын айтымында, жыл сайын күзүндө боорукер адамдар жашылча-жемиштерди алып келишет.
«Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы дайыма жардам көрсөтөт. Бул жолу алар пияз алып келишти. Ошондой эле, Үч-Коргондун тургуну өзүнүн бакчасынан курма жана алма алып келип берди. Мунун барын бөлүштүрүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө таратабыз», – дейт ал.
К.Кудаярованын айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча атайын фонд иш алып барат. Алар фонддун имаратынын аймагында жумасына эки-үч жолу тазалоо иштерин жүргүзүшөт.
К.Кудаярованын 15 жаштагы уулу бир нече жыл мурун токко урунуп, бир колунан ажыраган. Учурда 9-класста билим алууда.

Turmush 

08.11.2016

http://www.turmush.kg/news:314326

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*