Айыл турмушу: 2 баласы майып өзгөндүк тургунга турак жай куруп беришти (фото)

 Эки майып баласы менен туруктуу жашаган үйү жок, көчүп-конуп жүргөн Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургуну Арстанбек Сыдыков жаңы конуштуу болду. Анын 6 баласы бар. Алардын экөө өз алдынча баса албайт.
Турак үй курууга ишкерлер көмөк көрсөткөн.
«Кудай буйруп, бул үй-бүлө үйлүү болду. Мындан ары алты балалуу үй-бүлө өзүнүн үйүндө жашашат. Алардын үйүнө 6 ай мурун биринчи жолу барганыбызда турмуш шарты оор абалда болчу. 2 майып баланы багуу чоң түйшүк.
Бизге жардам берген Эмил Түланбаев менен Карим Сурапбаевге чоң ыраазычылык билдиребиз. Алар үйдұн курулушуна 4 миң даана башкан кирпич берди. Ал эми, жер тилкени Куршаб айыл өкмөтү бөлдү», – деди үй курууну демилгелеп, каражат бергендердин бири Максатбек Абдижалилов.
Эки бөлмөлүү жаңы турак жайды курууга жалпы 300 миң сомго жакын акча сарпталган.

Turmush 

08.11.2016

http://osh.turmush.kg/news:314350

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*