Өспүрүм кызды зордуктагандар жазадан качты (Видео)

Кара-Кулжа райондук прокуратурасы 14 жаштагы кызды топтошуп зордуктоого айыпталган үч кишини кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп жиберди.

Өспүрүм кыз зордукталгандан кийин көз жарып, наристенин биологиялык атасы белгисиз бойдон калууда. Айылдаштары кордогон кыз мектепти таштап, айылдан көчүп кетүүгө аргасыз болгон.

Бишкекке келип төрөгөн…

Кара-Кулжа районунда 14 жаштагы кызды өз айылдаштары зордуктап, үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Бишкектеги №6 төрөтканада уулдуу болгон. Өспүрүм кыздын жакындары баарынан жашырып жүргөн окуя борбордогу төрөтканадан келген каттан кийин Кара-Кулжа районундагы расмий органдарга белгилүү болгон.

Райондун балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Бөкөтаева эрте эне болгон кызды бир нече айылдашы зордуктаганы тууралуу көрсөтмөсүн алып, аймактагы тартип коргоо органдарына жана прокуратурага билдирүү жолдогон.

– Ошол маалымат боюнча биз кыз жашаган айылга барып, анын ата-энеси, жакындары жана жергиликтүү бийлик менен сүйлөшкөнбүз. Окуя кандайча болгонун иликтеп чыкканбыз. Топтолгон материалдарды кыздын көрсөтмөсү менен кошо жергиликтүү прокуратура жана милицияга укуктук баа берүү үчүн 7-июлда өткөрүп бергенбиз. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Өспүрүм​ кыздын эрте эне болуусуна себепкер адамдар жазаланат деген ойдобуз.

Укук коргоочулар зомбулукка кабылган өспүрүмдөр боюнча сот, тергөө иштери создугуп, укук коргоо органдары мыйзамга шайкеш мамиле жасабай жатат деп билдиришүүдө.

Райондун балдарды коргоо бөлүмү өспүрүм кызды зордуктагандар жазага тартыларына ишеним артып турган чакта айыпталуучу үч киши кылмыш жоопкерчилигинен бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук прокурорунун орун басары көптөп зордуктоо ишин көзөмөлдөп келаткан Тыныбек Турабай уулу билдирди.

– Жабырлануучу жана анын мыйзамдуу өкүлү болгон апасы ачык айыптоодон баш тартышты. Алар тосмо арыз менен кайрылып, кылмышка күнөөлөнүп жаткандарды бошотууну суранышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө зордуктоо фактысын далилдегенге аракет кылдык. Бирок жабырлануучу тарап тергөөгө өздөрү тоскоол болуп, тосмо арыз менен кайрылгандыктан үч кишиге козголгон иш токтотулган.

Бирок райондук балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Бөкөтаева кыз алгачкы көрсөтмөсүндө өзүн зордуктаган айылдаштары жазаланышын талап кылаарын тил катта жазганын айтты.

– Бул окуяда кыз өзү күнөөлүүдөй кылмышты жашырып келишкен. Алар өз айылдаштарына каршы чыгуудан коркушкан. Качан гана биз барып, кыздын укуктары тепселгенин түшүндүргөндөн кийин гана алар көрсөтмө беришти. Жабырлануучу кыз өзү окуяны башынан аягына чейин толугу менен баяндап берди. Кыздын айтымында, аны айылдагы үч бала мыкаачылык менен зордукташкан.

Оор кылмышта жеңил илинчек

Тергөөдөгү маалыматтарга караганда, 14 жаштагы кызды 22 жаштагы балдар зордукташкан. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгондон кийин зордуктоого шектелген балдардын экөө Орусияга качып кетип, издөө токтотулгандан кийин кайтып келишкен. Дагы бири жергиликтүү милициянын убактылуу кармоочу жайында 10 күн отуруп чыккан. Бул арада окуядан кабардар адамдар арасында “прокуратуранын оозу майланды” деген имиштер тараган.

Жабырлануучу тарап тергөөгө өздөрү тоскоол болуп, тосмо арыз менен кайрылгандыктан үч кишиге козголгон иш токтотулган.

Юрист Максат Жорокуловдун пикиринде, прокуратура кызматкерлери буга окшогон кылмыштарды мыйзамдагы айрым кемчиликтерден пайдаланып, кыскартып салганды адат кылып алышкан.

– Негизи мыйзамдын жазалоодон тышкары тарбиялык жана алдын алуу функциясы да бар. Мисалы, мындай оор кылмыштардын жазасы да оор болорун, андан оңой менен кутулуп кетүү мүмкүн эмес экенин элге көрсөтүш керек эле. Бирок азыр прокуратура кызматкерлери мыйзамдагы айрым кемчиликтерден пайдаланып, секелек кызды зордуктоо сыяктуу оор кылмыштарды да тосмо арыздын негизинде кыскартып салууда. Бул элге жакшы үлгү көрсөтпөйт. Кылмышкерлер арасында “эң оор кылмыш жасасаң деле кутулуп кетүү жолу бар” деген ой пайда болот. Мындай нерсеге милиция жол берсе да, прокуратура жол бербеш керек эле.

Ошентип өспүрүм кыздын зордукталганына байланыштуу эч ким жоопко тартылбай калды. Атасы белгисиз наристе болсо кимдин асыроосуна берилери азырынча чечиле элек.

Эрте эне болгон жаш кыз айылдан көчүп кеткен. Анын окуусу ара жолдо калып, 9-классты аяктаганы тууралуу күбөлүктү алууга да үлгүргөн эмес.

PS: “Азаттыктын” материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
октябрь 14, 2016
http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_raping_girl-osh-crime/28052462.html

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*