“Бишкекте жолдошумду сүзүп, майып кылып койгон айдоочу эркиндикте жүрөт” дейт жабырлануучунун аялы

“Бишкекте жолдошумду сүзүп, майып кылып койгон айдоочу эркиндикте жүрөт”. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда SUPER.KG порталына жабырлануучу Алмаз Качыбековдун жубайы Асел Жандаралиева билдирди.

Кырсыктын кандай болгонун тактоо максатында Алмаз Качыбековго байланыштык. Ал каргашалуу окуяны эстегиси келбегенин айтып, “окуя тууралуу жубайым айтсын” деп сөздү жубайына узатты.

“Жолдошумду Бишкек шаарында унаа оңдоочу жайда унаасын оңдоп жатканда айдоочу Nissan Teana үлгүсүндөгү жеңил унаасы менен артка айдап жатып сүзүп алган. Ошол замат жолдошумду ооруканага жеткиришкен. Бутунан жана жамбашынан жаракат алган. Жолдошумду сүзгөн адам качып баратканда кармап калышкан. Ал оорукананын чыгымдарын, дарыга кеткен каражаттарды кошкондо 15 миң сом жардам берди. Жолдошум ооруканадан майып болуп чыгып жатканда кабар алган жок”, – деп билдирди Жандаралиева.

Алмаз Качыбеков 28 жашта. Ал бир топ убакыттан бери Астана шаарында соода тармагында эмгектенчү. Анын 4 жаштагы кызы бар. Учурда сол буту тизесинен бүгүлбөй калган. Азыркы убакта өз алдынча баса албай, балдак кармап жубайынын жетеги менен жүрөт. Ал эми кырсыкка себеп болгон айдоочу оорулуунун абалын сурап үйүнө барып койбогонуна, анын эркиндикте жүргөнүнө нааразы болгон тарап өлкөдө акыйкаттын бар экенине ишеними жоголуп баратканын айтууда.

“Биз Биринчи Май райондук милициясына арыз менен кайрылганбыз. Жолдошумдун ишин Азат Кулматов деген тергөөчү карап жатат. Маселебиз оңдуу чечиле элек. Кырсыктын болгонуна 1 айга жакындап калды. Азыркы учурда жолдошумду сүзгөн айдоочу эркиндикте жүрөт. Жазасын алыш керек болчу”, – деди Жандаралиева.

Окуянын жүрүшү туурасында Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү Азат Кулматовго байланыштык. Ал өз сөзүндө: “Алмаз Качыбеков аттуу жабырлануучунун ишин мен карап жатам. Кырсыктын болушун экспертизага жибергенбиз. Жыйынтыгы 26-ноябрда чыгат деп жатышат. Тергөөнүн жүрүшү экспертизанын жыйынтыгына жараша болот. Ал эми сүзүп кеткен адам “бөөдө кырсык” деген негизде эркиндикте жүрөт. Мыйзам боюнча ушундай”, – деп билдирди.

Фото: Асел Жандаралиева
Автор: Акназар Сулайманкулов
18-10-2016
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/163315/

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*