Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген эки жаран концерт тартуулашат (фото)

Жалал-Абад шаарында 26-сентябрда коляскада отурган Абдрауфтун менен Бекназар «Талчыбык минип ойногон балалык доорун сүрбөдүм» аттуу концерт тартуулашат.
Мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдарды коомго кошуу, жашоого болгон активдүүлүгүн жогорулатуу багытын көздөгөн иш-чараны Сузактагы «Асыл Ай» ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген коому менен «Бек-Ата капитал инвест» ЖЧК биргеликте өткөрүүдө.
«Асыл-Ай» коомунун төрайымы Жумакан Жаркулованын айтымында, концертке кызуу даярдык көрүлүүдө.
«Мында ден-соолуктарынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жашоого болгон умтулуусун көтөрүү, талантууларын элге алып чыгуу максатталган. Бектурдун да Абдрауфтун да таланттары өзгөчө, андан сырткары биздин коомдон дагы төрт мүчө ырдашат. Баары өзгөчө даярданышууда», – дейт Жумакан Жаркулова.
Ал белгилегендей, жергиликтүү бийлик да колдоого алып, жардам берген. Деген менен билеттерди сатууда кыйынчылыкты жаралган.

Turmush 

24.09.2016
http://www.turmush.kg/news:311527/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*