Нарында ачылган тигүү цехи мүмкүнчүлүгү чектелген кыздарды окутуп, жумуш ордун түзөт (фото)

 

Бүгүн, 27-сентябрда Нарын шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген кыздардын жана алардын ата-энелерин жумуш орду менен камсыз кылган тигүү цехинин ачылышы болду. Өнөркана шаардагы «Кадам» реабилитациялык борборунун базасында «Келечекке кадам» долбоорунун алкагында ачылып, ачылышка шаар бийлигинин өкүлдөрү жана облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаркын Ибраева катышты.
Аталган реабилитациялык борбордун жетекчиси Ш.Актанованын айтымында, долбоорду Финляндиянын «Абилис» фондусу колдоого алып, 2,5 миң евролук сайма саюучу, тигүүчү машиналарды, өрмөк согуучу, түймө түйүүчү жабдууларды, жип сыяктуу шаймандарды толугу менен алып берген. Борбордо билим алып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген 6 кыз жана алардын ата-энелеринен 4 адам окутулуп, жумуш орундары түзүлөт.
Алар алгачкы буйрутманы кабыл алып, шаардагы «Эскулап» медициналык борбору үчүн шейшептерди тигип жатышат. Ар бир шейшеп 1200 сомдон бааланып, тигүүчүлөргө 150 сомдон пайда түшөт.
Кыздар жана алардын ата-энелери шаардагы мыкты уздардан шырдак, сувенир жасоону да үйрөнүүдө.

Turmush

27.09.2016

http://www.turmush.kg/news:311665/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*