Урустамов Турусбек: «Бир үйдө үч майып жашайбыз»

 

«Ден соолук болсо баары болот» деген сөздү көп эле укканыбыз менен аны тереңинен түшүнө бербейбиз. Кудайдын алты саныбызды аман кылып жаратканына шүгүр кылбай, жашоодогу болор-болбос көйгөйлөргө кейип-кепчигенибизчи. Жогоруда айтылган жакшы сөздүн маанисин Турусбектин абалын уккандан кийин мурункудан да тереңирээк түшүндүм. Тубаса көзү азиз төрөлгөн замандашыбыз мүмкүнчүлүгү чектелген келинчек алып, наристе күтсө, анын да көзү азиз төрөлгөн. Тагдырына караңгылык жазылган бул бүлөгө да жарык, жакшы жашоо келишин тилек кылалы. 

«Жарыкчылыкты көрбөй жашоо абдан кыйын»

– Мен жарык дүйнөгө келгенде эле көрүү мүмкүнчүлүгү жок төрөлгөн экенмин. Дарыгерлер аны тукумдан деп түшүндүрүшүптүр. Атам менен апам мен кичине кезде ажырашып кетип, кийин атам каза болуп калыптыр. Ошондуктан атам тууралуу билбей калгам. Мага бул дарт ким тарабынан өткөнү да белгисиз. Апам башка турмуш куруп кетип, мен Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айылында таята-таенемдин колунда чоңойдум. Жарыкчылыкты көрбөй жашоо абдан кыйын. Эч нерсенин кызыгы жок, караңгы жашоо менен күн өтө берет. Бала кезимде бул нерсеге көнө албай абдан бушайман болчумун. Үйдө билген белгилүү бир жерлерди кармап эшикке чыгып, кайра кирип чоңойдум. Менин да башка балдардай болуп мектепке окугум келгенин билген таятамдар мектепке киргизип коюшту. Башкаларга окшоп көрүп, жазбасам да мугалимдин айтканы менен анча-мынча нерселерди үйрөнүп баштагам. Тилекке каршы, классташ балдарым баш кийимимди алып ыргытып шылдың кыла беришип акыры мектепке барбай калдым.

«Экөөбүз таанышканда эле бири-бирибиздин жан дүйнөбүздү түшүндүк»

– Бойго жеткенимде өзүмө окшогон майыптар менен таанышып, алар менен мамиле күтүп баштадым. Биз жолугушуу өткөрүп турчубуз. Ошол жерден бир кыз менен таанышып калдым. Ал бала кезинде жыгылып, ошол боюнча буту баспай калыптыр. Ага деле аябай кыйын экен, турса олтура албайт, олтурса тура албайт. Дайыма балдак менен жүрөт экен. Экөөбүз таанышканда эле бири-бирибиздин жан дүйнөбүздү түшүндүк. Мен аны көрбөсөм да өзүмө жакын адам катары сездим. Ал учурда мен 21, келинчегим 22 жашта эле, кыз-жигит болуп бир жылдай сүйлөштүк. Мен мага андан башка аял тийбесин билгендей, ал да аны менден башка эч ким албасына көзү жетти окшойт, баш кошуп алдык. Үйлөнгөн соң таятамдардан бөлүнүп Ош шаарына батирге чыгып жашай баштадык.

«Кызыбыздын ден соолугу чың төрөлүшүн тилегенбиз»

– Келинчегим кош бойлуу болгон күндөн баштап наристебиз бизге окшобой ден соолугу чың төрөлсө экен деп тилечүмүн. Айрыкча көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо экен деп Кудайга жалынчумун. Тилекке каршы, кызым мендей болуп тубаса азиз төрөлүп калды. Таптакыр көрбөйт. Учурда бир жашта. Көрбөгөн адамдын жашоосу кандай кыйын экенин жакшы түшүнөм да, кызыма абдан боорум ооруйт, аяйм. Жакшылыктан үмүт үзбөй ооруканага көргөзсөмбү деп ойлойм. Кызымдын жүзүн көрбөгөнүм – менин чоң арманым. Аны сулуу болсо керек деп ойлоп, ошондой элестете берем.

«Алты миң сом пенсиябыздын төрт миңи батирге кетет»

– Ден соолуктун начарлыгынан аялым экөөбүз тең үйдө олтурабыз. Экөөбүзгө биригип алты миң сом пенсия алабыз. Кызыма жөлөк пул алалы десек, “силердин пенсияңар көп” деп бербей коюшкан. Жардам катары мэриядан убактылуу үй беришкен эле, ал жерде жашап жатсак «үйдү бошоткула, батирге чыксаңар жарты акчасын төлөп беребиз. Бир үйдө үч майып турсаңар, кантип карабай коёбуз» деп чыгарып жиберишкен. Ошол боюнча караандарын көрсөтпөй качып жүрүшөт, билсем, ал үй дале бош экен. Учурда Ошто бир бөлмөлүү батирге айына төрт миң сом төлөп жашайбыз. Калган эки миң сомго үчөөбүз бир ай жашоого туура келет. Кудай жалгап орозо айында кайрымдуу адамдар жардам берип, ошол акчаны батирге үч айга төлөп койгонбуз. Андан бери алты миң сомду бир айга кенен жеткирип, бир аз да болсо жыргап калдык эле, эми ал убакыт да аягына чыгып баратат. Азыр эми эмне кылып жашайбыз деп башыбыз катып отурабыз. Бизге жашаганга эле жай табылса, пенсиябыз менен эптеп жашай берет элек. Мамлекет майыптарга иш бермек тургай, керектүү документтерибизди учурунда бүтүрүп бербейт. Үйгө керектүү нерселерди досторубузга акча берип алдыртабыз. Турмуштагы жетишпестик эле болбосо, келинчегим экөөбүз бактылуубуз. Бирок майыптык менен жокчулук кендирди кесип биз үчүн турмуш оор болуп баратат.

Банктык эсеп: 1031920200936976

Алуучу: Урустамов Турусбек Мусаевич

Байланыш телефону: 0778 26 59 84

Динара ЧОКОЕВА

http://www.lady.kg/node/3173

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*