Өлкөдө алгачкы жолу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын шахматтык турнири өттү

Өлкөдө алгачкы жолу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын шахматтык турнири өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-августта билдирди.

“Биздин курама Олимпиадада кандай үлгү көрсөтүп жатат. Мейли баарында медаль бар эмес, бирок алардын баары жеңишке умтулушканын көрсөтүштү. Ден соолугуңардын чектелүүсү спорт менен машыгууга тоскоол болбошу керек. Андыктан министрлик Паралимпиада комитети менен “Жүрөктөн жүрөккө” акцияларын өткөрүп келет. Биздин коомчулукту гумандаштыруу саясатыбыз кичинеден жемишин бере баштады. Ден соолугу чектелгендердин аң-сезими өзгөрүп, бизге өздөрү демилгелер менен келип жатышат”, – деди министрКудайберген Базарбаев.

Бул мелдешке республика боюнча 120 адам катышты. Ошондой эле ачылышында Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев да катышты.

“Биз сергек жашоону үгүттөшүбүз керек. Өсүп келе жаткан муунду спорт менен машыгууга чакырышыбыз керек”, – деди төрага.

Турнирдин байгелеринин бири Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин “Жеңишке умтулуу” кубогу болду.

 
Фото: Эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министрлиги
Автор: Үмүт Абдраимова
18-08-2016
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/157295/

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*