Нарында мүмкүнчүлүгү чектелген 500 балага азык-түлүк таратылды (фото)

 Бүгүн, 11-августта Нарын шаарында облустун ар кайсы аймагынан чакырылган мүмкүнчүлүгү чектелген 500 баланын катышуусунда «Жүрөктөн жүрөккө» кайрымдуулук акциясы өтүп жатат.

Акция Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулуп, демөөрчүлөр колдоо көрсөткөн. Акцияга социалдык өнүктүрүү министри К.Базарбаев, «Кайрымдуу бол» фондунун төрагасы А.Байматов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чаранын алкагында балдарга азык-түлүк таратылып, концерттик программа, сый тамак уюштурулду.

Turmush 

12.08.2016

http://www.turmush.kg/news:308538/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*