Жол кырсыгында майып болуп калган милиция кызматкери: “Кырсыкка себеп болгондор жазасын алыша элек”

Жол кырсыгына кабылып майып болуп калган 29 жаштагы Абдыкалык Маматов жардамга муктаж экендигин SUPER.KG порталына айтып берди.

Ал 2015-жылдын 19-ноябрында Сокулук-Кант унаа жолунун 20-чакырымында катуу жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Абалы бир аз жакшыргандан кийин Абдыкалык кырсыкка себепкер болгон адамдар менен соттошуп, чындык издеп келгенин айтат.

Ал окуяны мындайча эскерет: “Мен өз жолум менен бараткам. Катуу ылдамдыкта келе жаткан унааны көрдүм. Унаамды токтотууга аракет кылганыма карабай мени В 0089 АТ мамлекеттик номурундагы Тойота Хайландер үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетти. Андан кийин эмне болгонун билбейм. Өзүмө келгенде Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө экенимди билдим”.

Учурда Абдыкалык ооруканадан чыгып, ата-энеси, бир туугандарынын карамагында отурат. Өз алдынча басканы менен, бут кийимин өзү кие албайт, анткени буту тизесинен бүгүлбөй калган. Үйдөн кирип чыгуучу тепкичтен башкалардын жардамы менен түшөт.

“Дарыгерлер убакыт өткөн сайын бутуң калыбына келип, басып кетесиң дешкен. Ал үчүн тынымсыз медициналык укалоо жүргүзүп турууну айтышкан. 10 күндүк укалоо 6 миң сом турат экен. Буга чейин агамдан бутума операция жасатуу үчүн карызга 178 миң сом алгам. Эми менде бат-баттан медициналык укалоо жасатууга каражат жок болуп жатат”, – деп кошумчалады Маматов.

Каарманыбыз Баткен облусунун тургуну. Ал ата-энеси менен 1998-жылы Бишкек шаарына көчүп келип отурукташып калган. Мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырган. Ички иштер министрлигинин алдындагы академияны аяктаган. Кырсык болгонго чейин милиция кызматында иштеп келген. Жасаган эмгектери жана кылган кызматы үчүн “ага лейтенант” наамын алган.

“Эми мени эч качан милиция кызматына жумушка албайт, анткени милициянын жумушка алуу талабына ден соолугум жооп бербей калды. Мындан ары тагдырым төшөккө байланып калды. Жакын досторум “сени сүзгөндөр чыгымдарды төлөп беришпесе, мыйзам өкүлдөрү акыйкат чечим чыгарышпаса, анда сени сүзгөндөрдү өзүбүз жазалап, аларды да сенин акыбалыңа теңейбиз” деп жатышат”, – дейт каарманыбыз.

Абдыкалык буга чейин бир жолу гана 10 күндүк укалоого барып келген. Учурда ага үй шартында карындаштары укалоо жасашат. Бул аракет батыраак басып кетүү үчүн жасалып жатканын айтууда. Каарманыбыз кимдир бирөөгө көз каранды болуп жашоого көнбөй жатканын айтып, көзүнө жаш алды.

Эгерде Абдыкалыктын тагдырына кайдигер карабай, жардам колун сунгандар болсо, жардамдан баш тартпастыгын билдирди. Ал медициналык укалоо үчүн каражат таппай жатканын айтат.

Автор: Акназар Сулайманкулов
Фото: Алина Токтакунова
27-07-2016
http://www.super.kg/kabar/news/155177/

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*