Бакай-Ата районунун 88 жаштагы тургуну Дондок Балтабаев карылар жана майыптар үйүнө 80 миң сомго бастырма курдуруп берди. Бул тууралуу Turmushбасылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Дондок Балтабаев 4 жылдан бери аталган карылар үйүндө жашап келет. Дондок атанын 3 уул, 3 кызы бар. Ал карылар үйүндө жашоону өзү тандап алган. Карылар үйүндөгү бөлмөсүндө сыналгы, ашкана буюмдары бар.
Жубайы Гүлайым апа 1984-жылы каза болгон.
Turmush
26.07.2016
http://www.turmush.kg/news:306034
Оставить комментарий