Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы «Нур» бала бакчасындагы реабилитациялык борбордо ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Саруу айыл өкмөтүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, Саруу айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү максатында «Нур» бала бакчасынын базасында реабилитациялык борбор ачылган. Мында мүмкүнчүлүгү чектелген 29 бала тарбияланууда. Борбордо иштеген 5 кызматкердин маяналары айыл өкмөттүн бюджетинен каржыланат.
Turmush
22.07.2016
http://www.turmush.kg/news:305530
Оставить комментарий