Майыптар БУУ конвенциясына үмүт артты

34FB5553-20A7-4E2E-BA40-36D7E3F91FA2_w987_r1_s

 

Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанды БУУнун Майыптар жөнүндөгү конвенциясын ратификациялоого чакырышууда. Алар эгер бул документ кабыл алынса, майыптардын укуктарын коргоого, аларга шарт түзүү боюнча бийликке талап коюуга жол ачылат дешет.

30 жаштагы Махабат Талканчиева беш жыл мурун жол кырсыгына кабылып, жүлүнүнө доо кетип биринчи топтогу майып болуп калган. Азыр 4900 сом пенсия алат. Нарын облусунун Жумгал районунда баласы менен жашайт.

Махабат өзү басып-тура албагандыктан, алган акчасы бир айлык памперстен ашпайт экен. Анын саламаттыкты чыңдоо багытындагы санаторийлерден дарылануу аракетинен да майнап чыккан эмес. Бир канча жылдан бери жолдомо ала албай жүрөт:

Махабат Талканчиева

Махабат Талканчиева

– Мамлекеттен эч кандай жардам алган жокмун. Свет, сууга майыптарга жеңилдик бар дешет. Бирок аны деле көрө элекмин. Ушундай абалда жатканыма беш жыл болду. Дарыгерлер Ысык-Көлдөгү пансионаттарга барууну сунуштаган. Жолдомо алайын десең ар кайсы шылтоону айтып жолго салышат. Биринчи барганымда майып болгонуңа беш жыл болгондо берилет деп айтышкан болчу. Ошол бойдон жолдомо алуудан үмүт үздүм.

Кыргызстанда мыйзам боюнча майыптар жөндөмүнө жараша ишке орношууга укуктуу. Анткен менен менчик ишканалар мындай турсун, мамлекеттик мекемелердин аларды жумушка алган учурлары аз. Экинчи топтогу майыпЖоодар мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болгону үчүн иштөө укугунан ажырагандардын бири:

– Өз укугумду колдонуу менен мекемелердин бирине жумушка орношуу үчүн таанышым аркылуу барсам да албай коюшту. Бутуң майып экен дешти.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер мамлекеттен берилген жеңилдиктерден да пайдалана алышпайт. Майыптарга укуктук жардам берүү менен алектенгенТолкун Исаков өлкөдө аярлуу катмардын өкүлдөрү билимден аксагандыктан, аларды басмырлаган, укуктарын тебелеген учурлардын көбөйгөнү байкалып жатканын белгиледи:

– Жылдан жылга майыптардын саны арбып жатат. Биздин сабаттуулук да төмөндөп баратат. Бул себептүү майыптар кодулоого туш болууда. Аларга карата мыйзам бузгандардын катарын мамлекеттик кызматкерлер да толуктайт.

Мындан тышкары коомдук транспортту колдонууда, маданий, соода мекемелерине барууда кыйынчылыктар жоюла электиги белгилүү. Республикалык көз карандысыз майып аялдар бирикмесинин төрайымы Асипа Мусаева майыптар үчүн шарттарды жакшыртууга өкмөттү чакырды:

– Парламенттин тармактык комитети жакында эле мүмкүнчүлүгү чектелгендер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин биринчи жолу карады. Документке зордук-зомбулукка кабылып, психологиялык жактан жабыркаган майып аялдардын укугун коргоо маселесин кошууну сунуштагам. Бирок көңүл бурбай жатышат.

Свет, сууга майыптарга жеңилдик бар дешет. Бирок аны деле көрө элекмин. Ушундай абалда жатканыма беш жыл болду.

Майыптардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн бейөкмөт уюмдар БУУнун конвенциясын ратификациялоого өкмөттү чакырышууда. Алар эгер бул документ кабыл алынса, майыптардын укуктарын коргоого, аларга шарт түзүлөрүнө ишеним артып жатышат. Аталган конвенция 2006-жылы кабыл алынган. Учурда 150дөн ашык өлкөдө ратификацияланды. Кыргызстан ага 2011-жылы кол койгону менен парламент бекитип бере элек.

Өткөн айда Социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандык активисттер, эксперттер менен биргеликте атайын топ түзүп, конвенцияны жүзөгө ашыруу үчүн 6,6 миллиард сом керектелерин эсептеп чыкты. БУУнун Өнүктүрүү программасынын эксперти Бурул Сүйүналиева буларды билдирди:

– Биз иштеп чыккан иш-чаралар топтому төрт бөлүктөн турат. Биринчиси – конвенция ратификация болгондон кийинки үч жылда аткарыла турган иштердин тизмеги. Андан кийин төрт жылдык, үч жылдык программалар ишке ашырылат. Жалпысынан бул мерчемдер 10 жылга ылайыкташтырылып, андагы максаттарга 6,6 миллиард сом сарпталат деп санадык. Бул каражат майыптарга билим берүү, медициналык тейлөөнү жакшыртуу, турак-жай менен камсыздоо аракеттерине жумшалат.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги майыптарга маанилүү болгон конвенцияны кабыл алуунун создугуп жатышын андагы милдеттердин аткарылышын иликтөө жана каражат менен байланыштырат. Министрдин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, жакында документ 2017-жылдары кабыл алынышы мүмкүн:

– Эксперттер каражат маселесин карап чыгып, талкууланышы керек. Координациялык кеңеште дагы каралууга тийиш. Андан кийин парламентке жолдонот.

Эгерде Кыргызстан аталган конвенцияга кошулуп кала турган болсо, аны ишке ашырууга акча мамлекеттен бөлүнүш керек. Документ майыптарга шарт түзүү, медициналык жардам алуусун жакшыртууну милдеттендирет. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алышын шарттайт. Өлкөдө расмий каттоого алынган майыптардын саны 173 миңге чукул. Анын 28 миңден ашууну балдар.

Нуржан Токтоназарова

июль 05, 2016

http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_disable_rights/27837304.html

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*