Ош облусунун казысы «Көзү азиздер коомунун” жетекчисинен кабар алды

_mg_2766_mg_2794_mg_2785_mg_2813_mg_2759

 Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев казыят жамааты менен биргеликте Оштогу «Мухсин-Нур» көзү азиздер коомунун жетекчиси Умаржан Иманбердиевден кабар алып, рамазан айы менен куттуктады. Зыярат учурунда Умаржан Ыманбердиевдин Брайл аппаратынын жардамы менен жазган «Мугалим Сали» жана тажвид боюнча Алипе, «10 дуба 10 аят», «40 хадис», «Көзү азиз сахабанын өмүр баяны» аталышындагы китептери менен таанышышып, динди жайылтууда жасап жаткан эмгектерине ыраазычылык билдиришти. Учурда У.Ыманбердиев көзү азиздер үчүн ылайыкташтырылган брайл аппаратында басып чыгарылган китептерин Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Чүй аймактарындагы көзү азиз балдарга жөнөтүп жаткандыгын билдирди. Мындан сырткары кыргыз тилиндеги “Рух азыгы” аталышындагы китепти да даярдоо алдында тургандыгы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, ушул жылдын башында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы тарабынан Ош облусундагы көзү азиз мусулман бир туугандар үчүн атайын чыгарылган 13 томдон турган 20 комплект жалпысы 260 даана Куран китеби тапшырылган болчу.

Бишкек, /muftiyat.kg/ 

23-июнь 2016

http://muftiyat.kg/ky/news/osh-oblusunun-kazysy-kozu-azizder-koomunun-zhetekchisinen-kabar-aldy

 

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*