“Укук жаңырыгы” маалыматтык гезитинин алгачкы саны 25 миң нуска менен чыгарылды.

газета

 

БУУӨПтүн “КРде сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун алкагында “Укук жаңырыгы” маалыматтык гезитинин алгачкы саны 25 миң нуска менен чыгарылды.

Басылмада калктын аяр топторунун негизги укуктук маселелери, аны чечүү жолдору тууралуу юристтердин кеп кеңештери, укуктук борборлордун даректери, жана башка көптөгөн укуктук мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жаатындагы материалдар камтылган.

Гезит долбоордун иш аракеттеринин негизинде түзүлгөн төмөндөгү каналдар аркылуу таратылат:

  1. Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн 5 укуктук жардам борбору (Ош, Чуй);
  2. Сынакы Айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн Калктын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү 4 борбор (Ош, Чуй);
  3. Калкка укуктук жардам көрсөтүүчү, Ош жана Чуй облустарынын ар бир районунда иш алып барган “LBDconsulting” жергиликтүү бейөкмөт уюму;
  4. Юстиция министрлиги тарабынан уюштурулуп, Чуй жана Ош облустарынын ар бир Айыл өкмөтүнун тургундарына укуктук жардам көрсөтүүчү “Тилектештик автобусу”;
  5. Калкты документтештирүү боюнча иш алып барган Мамлекеттик каттоо кызматынын көчмө тобу.

22.06.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*