Балыкчы шаарындагы «Балдар» билим борборунда 1-июнь – Балдарды коргоо күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн «Бардык балдар бирдей» долбоору ишке киришти, деп билдирди Turmushбасылмасынын кабарчысы.
Аталган долбоор «Адамзатка жардам» кайрымдуулук фондунун колдоосу менен ишке ашууда.
ЮНЕСКОнун клубу болгон билим борборунда долбоордун алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген 15 жашка чейинки 30 бала ыр, бий, сүрөт тартуу ийримдерине катышып, логопеддин жардамын алат жана атайын дене тарбия көнүгүүлөрүн жасашат.
Ата-энелер балдарынын борборго келгенден баштап көңүлдөрү ачылып, бир нерсе жасоого аракеттенип калгандыктарын айтып, ыраазы болууда.
Turmush
24.05.2016
http://www.turmush.kg/news:296383
Оставить комментарий