2 майып кызын, карыган апасын баккан аял: “4 МАЙЫП ӨЛБӨСТҮН КҮНҮН КӨРҮП ЖАШАП КЕЛЕБИЗ”

10.4

“Эки доо бир келсе, амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе, ажалыңдын жеткени”. Мен мындай сөздү тоготпой калганыма канча жыл болду? Кээде ойлоп кетем, темирден жаралганмынбы деп. Оорукчан эки кызымды жайлуу жакка жайгаштырып койбостон кантип таштап кетем? Мен өлүп калсам өзүмө кайгырбайм, кыздарымды ойлойм. Анткени экөө тең майып, аларга кошулуп мен дагы жарым жанмын”,– дейт 48 жаштагы Анархан Сулайманова.

“КҮЙӨӨМ ИЧКИЧ БОЛЧУ, ТАШТАП КЕТКЕН”
– Биз Жалал-Абад шаарында турабыз. Жолдошум экөөбүз ажырашып кеткенибизге 10 жылдай болуп калды, ал иччү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кызды төрөп койгонум үчүн жалгыз мен күнөөлүүдөй болуп, ичип алып сабачу. Экинчи кызым боюмда бар кезде да сабап, анын да майып болуп төрөлүшүнө күйөөмдү күнөөлөп кетем. Эки кызым тең балдардын шал оорусу (ДЦП) менен төрөлдү. 
Улуусу 23тө, жакшы баса албайт. Тыйралаңдап араң жүрөт байкушум, ошентсе да үй тиричилигинин баарын ошол кызым кылат. Кичүүсү болсо 16 жашта. Улуу кызым барбай калган мектепке кичүүсү барсын деп аракет кылып башында окууга жиберип турчумун. Бир күнү сиңдисин мектепке алып баратканда жолдон экөөнү машина уруп кетип жатпайбы. Какаганга муштаган болуп, ого бетер басыгы начарлап кетти. Сүзүп кеткен унаанын айдоочусу дагы көзү көрбөгөн майып экен. Өзүбүзгө окшогон майыпка догурунуп эч нерсе дей алган жокмун. Кичүү кызым улам класстагы курбалдаштарынан артта калып жатып, мектепке бара албай калды. Азыр көрүүсү начарлап кеткен, жакшы сүйлөй албайт, оюн эптеп түшүндүрөт. Шаардык билим берүү бөлүмү жардам катары үйгө мугалим жиберип, алар дүйнө таанымын кеңейтүүгө көмөк берип, окутуп турушат. Өзү 13 жашында буту баса баштаган. Ага чейин эки тизесин бириктирип алып кызыл ашыгы менен басчу. Гипске салып түздөп, тизесин ажыратканбыз.

“ИНИМ АПАМДЫ БАКПАЙ МАГА БЕРИП КОЙДУ”
– Өзүм дагы 2-топтогу майыпмын, 6 жашымда колума 3 жолу операция жасалган. Кийин өтүмдү алдырдым. Төрөттөн кийин онкологиялык жактан жабыркап, жаман дарт жабышып, 9 жыл мурун жатынымды алып салышты. Ошентип жатып баш-аягы 7 жолу наркоз алдым. 5-6 ай сайын Бишкекке барып дарылануу курсунан өтүп турушум керек болчу. Былтыр ноябрда барган боюнча ал жакка дагы барганга шарт жок. 
7 жылдан бери батирден батирге көчүп, кыздарым менен кыйын турмушту көрүп келем. Минтип темселеп калганга чейин сиңдимдин үйүндө жашачубуз. Күйөө баламдын короосуна 2 майып кызым менен батыша албай чыгып кеткем. Багы жокко дагы жок болуп, иним ичкич чыгып, апамды карабай, аны да колума алгам. 73 жаштагы апам дагы полиартрит менен жабыркап, баса албайт. Анан дагы жүрөк кемтиги менен жабыркайт. Ошентип өзүм менен кошо 4 майып бир батирде өлбөстүн күнүн көрүп келебиз. 

“ҮЙ БЕРГИЛЕ ДЕП СУРАНЫП ЖҮРҮП ТҮҢҮЛҮП ДА КАЛДЫМ”
– Мамлекет тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катары баарыбыз биригип 9500 сом жөлөк пул алабыз. Апам 6000 сом пенсия алат. Анын деле бир тобу өзүнүн дары-дармегине кетет. Мындан 7000 сомду ай сайын батир акысына төлөйбүз. Батирдин ээси бир бөлмөсүнө оокаттарын киргизип, бизге тапшырып кеткен. 1-кабат болгондуктан ным тартып, чычкандын көптүгүн айтпаңыз. Мындан сырткары суу, таштанды, газ, электр жарыгына деп коммуналдык төлөмдөрдү төлөйбүз. Үй-бүлөбүздө болсо эч ким иштебейт. Мен эптеп колуман келген ишти кылайын десем, доктурлар “2 килограммдан ашык эч нерсе көтөрбө” дешкен. Кардым жарылган, жамалган, айтор, эскирген куурчактай элемин. 
Доктурлар деле бизге окшогон акчасы жокторду кайдан карасын? Маалы келгенде тизмесинен карап, “өлгөн жокпу, жүрөбү?” деп текшерип коюшат. “Ушул үй-бүлөгө жардам керек” деп деле бир мамлекеттик орган басып келип акыбалыбызды сурап койгон эмес. Жалал-Абад шаардык мэриясына үй тууралуу кат жаза берип чарчадым. “Тизмедесиңер” эле дейт. Акыркы үч жылдан бери үмүтүмдү үзүп барбай да калдым. Бишкекте жашап жүргөнүбүздө квартал сайын көңүл буруп, көмүр берип турушчу. Кийин атам каза болгондо Бишкекте жашоо оор болуп, бул жакка келе бергенбиз. Жалал-Абадда андай жардам деле жок.

“АЙЫГАРЫМА КӨЗҮМ ЖЕТПЕЙТ”
Апасынын сөзүнө улуу кызы Айпери Сулайманова да аралашып, татаал тагдырын айтып, көзүнө жаш алды: 
– Бардык нерсеге акылың жетип турат, бирок колуңан эч нерсе келбей, аракетсиз отурган эң жаман нерсе экен. Эшикке чыгып баса албайм, апамдын оорун колдон алып жардамдаша албайм. Таап келгенинен тамак жасап эле үйдө отурам. Биздей жарым жандарды багып отурган апама эле боорум ооруйт. Кайдан каражат таап келип жатат, кандай азап менен алып келди деген ойлор мага тынчтык бербейт. Абалым жакшырып кетеринен деле үмүтүм үзүлгөн. Айыгарыма көзүм жетпейт. Же билимим жок болсо, китеп карайын десем көзүм ооруйт. Жаш туруп мындай жазаны кайсы күнөөм үчүн тартып жатканымды деле билбейм. 

Гүлжан Асанкожоева

26-май, 2016-ж

http://www.super.kg/mobile/article/show/36361/

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*