Кыргызстанда жөлөкпул алуучулардын саны азаюда

Үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата өлкөбүздө мамлекеттик жөлөкпул алгандардын саны 382,8 миң адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтуусунда, ай сайын аз камсыз болгон жөлөкпул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 301,4 миң адамды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2%га азайган. Ал эми айына социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 81,4 миң адамды түзөт.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык жактан корголуусун жакшыртуу үчүн 2015-жылдын 1-июлунан тартып мурда берилип жаткан жардамдын суммасы 705 сомдон 810 сомго жогорулаган. Жалпысынын республика боюнча бул багыттагы жардамдын көлөмү 36,4%га көбөйтүлгөн.

Кабар

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*