Майыптарды ишке тарта албаган коом өзү майыппы?

2016-02-24_16-37-57_475207

Менин Бейиши болгон раматылык атам колунан көөрү төгүлгөн зергер уста эле. Эч кимде жок кооз жана бекем улуттук ат жабдыктарды жасачу. Алтымыштан жаңы ашканда сөөк кулгунасы деген ооруга чалдыгып, бир буту түбүнөн кесилип, 12 жыл балдак менен жүрдү. Ошол майып киши өз кара жанын эле эмес, бир короо кишини кошо бакчу. Жылына ончакты комплект ээр жасайт эле. Анын ар бири бир жылкынын баасына сатылчу. Атамдын андан кем эмес киреше түшүргөн башка чарбасын айтпай эле коелу.

Азыр Кыргызстанда 160 миң майып адам бар. Алардын 10 гана пайызы 1-топтогу майыптар, башкача айтканда камкордукка муктаж адамдар. Ал эми калган 90 пайызы 2- (68%) жана 3-топтогу (22%) майыптар, б.а. өзүнө да, коомго да пайдалуу иш жасоого жарактуу адамдар.

Бирок аларды коомдук пайдалуу ишке тартуу үчүн белгилүү бир шарттар болушу керек экени өзүнөн өзү түшүнүктүү. Союз мезгилинде майыптар үчүн атайын ишканалар бар эле. Азыр алардын дээрлик баары рынок шартын көтөрө албай дайын оту жок калды. Алдуу-күчтүү майыптардын эбегейсиз зор армиясы же иштеген эл эмес, же иштебеген эл эмес болуп, илең-салаң турмуш кечиришүүдө.

Укуктук коомдун шартында колунан иш келген майыптар үчүн ишканаларга атайын кызмат ордун түзүү милдеттендирилет. Муну майыптардын квотасы деп аташат. Бул атайын мыйзамдар менен бекитилип, өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Кыргызстанда 1999-жылы Майыптарды мамлекеттик колдоонун улуттук программасы кабыл алынган. 2008-жылы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы чыккан.

Кыргызстанда кызматкерлеринин саны 20 кишиден ашкан ишканалардын баарына 5 пайыз майып адамдарды жумушка тартуу милдеттендирилген. Тактап айтканда ошол 20 кишинин бири майып адамдардан болушу керек. Республиканын Эмгек кодексинин 314- жана 315-беренелерине ылайык, 2013-жылы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квота катары 755 жумушчу оруну бекитилген. Бирок ал орундардын 100ү гана ээленип, калганы ар кандай шылтоолор менен, мисалы, майыптардын квалификациясы жок экен дегендей шылтоолор менен бош калган. 2014-жылы квота катары 673 жумушчу оруну бекитилсе, 2014-жылдын 1-кварталында анын 12 орду ээленген.

Ишке орношкон майыптардын санынын өтө эле аздыгы ишкерлердин аларды жумушка алгысы келбегени менен түшүндүрүлөт. Себеби, алар үчүн атайын жумушчу орундары менен шарттарын жасап бериш керек, башкалар менен бирдей эле маяна алса да алардын жумуш убактысы кыскартылган, эмгек өргүүсү узартылган болот. Анын үстүнө квота белгилөөдө да майыптарга жеке камкордук жагы эске алынбагандыктан иш жүзүндө аларга берилген жумушчу орундары да төмөнкү квалификациялуу жана айлыгы эң аз болуп чыккан. Демек, иш жүзүндө аларга киши аргасыздан гана иштөөчү кара жумуштар гана сунуш кылынган.

Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча 2015 жылга майыптар үчүн 586 жумушчу оруну квоталанган. Аны аймактар боюнча бөлүштүргөндө Талас областына 112, Ош областына 96, Баткен областына 94, Жалал-Абад областына 85, Ош шаарына 84, Бишкек шаарына 75, Нарын областына 14, Ысык-Көл областына 2 орун тийген. Социалдык өнүгүү министрлиги бул орундарды 3-топтогу майыптар гана ээлей ала турганын билдирген.

“Кыргызстанда ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жумуш берүүнү каалабаган ишкерлер республикалык бюджетке ар бир квоталанган орун үчүн 1000 сомдон төлөп турууга тийиш”, – деп билдирген Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев майып адамдардын укуктары менен кепилдиктери тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу талкуу учурунда. “Мыйзам боюнча ишканада 20дан 40ка чейин киши иштесе майып адамдар үчүн 1 орун, 40тан 60ка чейин киши иштесе 2 орун квоталанышы керек. Ошентсе да бул мыйзам дээрлик бардык жерде иштебегенин көрдүк. Ошондуктан ишкерлер бюджетке акча төгүп турушун сунуш кылам”, – дейт Д.Бекешев.

Анын пикири боюнча, эгер мындай мыйзам иштесе 16 миңдей адам жумушка орношот же бюджетке жылына 188 миллион сомдон ашуун акча түшөт. Бул каражатты, мисалы, майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын түзүүгө жана аларды адаптациялоого, пандустарды жасоого кетирүүгө болот. Эгер жумуш берүүчүлөр же квоталарды жасабаса, же сунуш кылынгандай салыктарды төлөбөсө, анда административдик жоопкерчиликке тартылууга тийиш деп эсептейт парламентарий.

Мындан сырткары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жеке ишкерлик менен шугулданууну каалаган майыптыгы бар адамдардын баарына жардам берүүгө милдеттүү. Мыйзамда андай учурда алардан алынчу мамлекеттик салыктарга да жеңилдик берилген.

Демек, маселе майыптарды коомдук пайдалуу ишмердикке тартуу боюнча мыйзамдардын жоктугунда эмес, ошол мыйзамдарды иштетүү механизминин жоктугунда. Мыйзамдардын декларация гана бойдон калып жатканында. Майыптыгы бар адамдардан биздин учурдагы коомубуздун өнүгүшүнө эле эмес, Ф.Рузвельт сыяктуу адамзаттын тарыхына таасир кылаар күч-кубат табылышы да мүмкүн экенине баамыбыз жетпегенинде.

Бул материал БУУӨПтүн “КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Умар Бек, “Кабар ордо”, 24.02.2016,
http://www.vb.kg/kabarordo/doc/266943_mayyptardy_ishke_tarta_albagan_koom_ozy_mayyppy.html

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*