Кыргызстанда алгачкы жолу укуктук жардам боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн интерактивдик веб-картасы түзүлдү

Кыргызстанда алгачкы жолу укуктук жардам боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн интерактивдик веб-картасы түзүлдү. Карта Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн баары – мамлекеттик да (соттор, прокуратуралар, милиция, адвокатура ж.б.), мамлекеттик эмес да (өкмөттүк эмес уюмдар, про-боно юристтер, кризистик борборлор, аксакалдар соттору, аялдар кеңештери, жеке менчик юридикалык фирмалар, жеке адвокаттар ж.б.) кызмат көрсөтүүчүлөрдүн баары тууралуу маалыматты камтыйт.

Бул карта кызмат көрсөтүүчүлөрдүн дареги, ишмердик чөйрөсү/багыты, структурасы, кызмат көрсөтүү ыкмасы (акысыз/акы алып), жооптуу кызматкерлеринин иш тартиби, атайын топтору, географиялык аймагы сыяктуу маалыматтарды чагылтат. Мындан сырткары, Кыргызстанда укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жаңылары пайда болсо же иштеп жаткандардын ичинен ишмердиги кеңейгендер болсо кошумча маалыматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кимиси болсо да картага өз маалыматтарын киргизе алат. Адилеттик министрлиги тарабынан жер-жерлерде мониторинг жүргүзүү аркылуу бул маалыматтар текшерилип турушу мүмкүн.

Интерактивдик карта БУУнун жана Финляндия ТИМинин “КРде сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбоорунун, ошондой эле Европа Союзунун колдоосу менен ACTED эл аралык уюму тарабынан түзүлгөн.

Веб-карта Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине берилди жана Адилет министрлигинин сайтына жайгаштырылды. Картаны мындан ары талаптагыдай абалда колдоону Адилет министрлиги камсыз кылат. Картаны пайдалануу үчүн www.minjust.gov.kg, сайтына кирип, андагы «Карта поставщиков юридических услуг» (“Укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн картасы”) опциясын басуу керек.

Картаны компьютердин да, чөнтөк телефонунун да жардамы менен пайдаланууга болот, болгону – интернет байланышы болуу керек.

Укуктук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн мындай картасы Кыргызстанда алгачкы жолу түзүлүп жатат жана аны түзүүнүн негизги максаты өлкөнүн жарандарынын укуктук кызмат издөөсүн жеңилдетүү болуп саналат.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*