Депутат: Майып балдарга жагымдуу шарт түзүү жалпы максатка айланышы керек

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко “Майып балдар үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө мамлекет менен коомчулуктун орду” аттуу “тегерек столго” катышты.

Аталган иш чара “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун “Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлдү.

“Тегерек столдо” Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү 2015-жылы башталган “Наристе” мектепке чейинки даярдоо программасынын алкагында өзгөчө камкордукка муктаж бладардын окууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн жеңилдетүүгө багытталган кадамдарды талкууга алышты.

Депутат Н.Никитенко майып балдарга жагымдуу шарт түзүү жалпы максатка айланышы керектигин баса белгиледи. “Майып балдар татыктуу билим алып, бир катар ийгиликтерге жетишкендиги боюнча бир топ мисалдар бар. Конституциядан баштап, Балдар жөнүндө кодекс, Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө мыйзам жана башка бир катар укуктук-ченемдик актылар – булардын баары жаңы маданиятты түзүүдөгү чоң иштердин бир бөлүгү. Адам көнгөн адаттарын өзгөртүүсү өтө кыйын. Андыктан, жаңы маданият узак мөөнөттө түптөлүүдө”,- деут депутат.

Анын айтымында, майып балдардын нормалдуу жашоосу жана өнүгүшү үчүн шарттарды түзүү, билим берүү менен камсыздоо, адамдардын мамилелерин өзгөртүү зарыл. Жаңы нерсеге өтүү кыйла кыйынчылыктар менен коштолот”,- дейт Н.Никитенко.

Мындан сырткары, эл өкүлү мамлекет Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялашы керектигине токтолду. “Менимче, күтүлүүчү кыйынчылыктардан коркпой, бул багытта алга кадам таштоо зарыл”,- дейт ал. Анын маалыматына ылайык, азыркы тапта “инклюзивдүү билим берүү” түшүнүгүн киргизүү боюнча “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга түзөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгууда.

Кабар ордо, 29.01.2016-ж.,
http://www.vb.kg/kabarordo/doc/266403_depytat:_mayyp_baldarga_jagymdyy_shart_tyzyy_jalpy_maksatka_aylanyshy_kerek.html

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*