Ноокаттык мүмкүнчүлүгү чектелген Нургазы тарткан сүрөттөрүн сатып ата-энесине жардам берип келет

nurgazy

Ноокаттын Бел айыл өкмөтүнүн тургуну Миркадыр уулу Нургазы II топтогу майып. Сүрөт тартканды жакшы көрөт. Акыркы жылдары өзүнүн тарткан сүрөттөрүн элге көрсөтүп, андан түшкөн тыйын-тыпыр менен ата-энесине жардам берип келет. Ал бүгүн да Ноокат районунун борборундагы Ленин көчөсүндө жайгашкан Лениндин эстелинин жанында сүрөттөрүн илип, элге тартуулады.

Нургазы көбүнчө автоунааларды тартат. “Мен окуган эмесмин. Машиналарды жакшы көрөм. Үйлөрдү, дарактарды да тартам. Адамдары чиймелебейм. Анткени андай кылгандарга аркы дүйнөдө кыйын болот деп уккам. Сүрөттөрүмдү көргөн адамдар мага акча беришет. Алардын жарымын ата-энеме берем. Калганынакагаз сатып алам”, -дейт Нургазы.

Сүрөтчүнүн апасы Абыда Кудайбердиева болсо баласынын тубаса талантуу экенине токтолду:“Акылы бир аз ушундай болгону менен уулум аябай боорукер. Кой десек болбой ушинтип сүрөт тартат. Мамлекеттен 2500 сом пенсия алат. Кээде сүрөт тартууга кагазга акча сураганда бере албай калабыз. Атасы да IIтоптогу майып. Ошондо ойлонуп калат. Акыркы мезгилдери бизден акча сурабай ушинтип өзүн-өзү эптеп калды”.

Ноокаттыктардын айтымында Нургазы кээде таксистердин да автоунаасынын сүрөттөрүн чиймелейт. “Мен бул жигитти Ош шаарындагы машина базарда да анча-мынча көрүп калам. Бирөөлөрдүн машинасынын сүрөтүн тартып берет. Аябай талантуу.Көргөнүн көргөндөй тартат. Бирок эч ким тоскоол болбошу керек. Балким бул балага демөөрчүлөр болсо кыйын сүрөтчү чыкса керек”, – дейт айдоочу Жеңиш.

nurgazy3nurgazy5

nurgazy1 nurgazy4

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат шаары

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*