Мектептерде укук таануу сааты жетишсиз

baldar1

“Эмнеге өлкөдө кылмыштуулук көбөйүп,тартип бузуулар болуп жатат. Ушул нерсенин бардыгын көзөмөлгө алынуу керектигин, балдарга билим берүү, окутуу жолдору менен жеткириш керек” – дейт Ж.Каниметов.

“Акыйкат таразасы” программасынын бул чыгарылышында мектептерде укук таануу жана жалпы эле окуу жайларда укуктук маданиятты жайылтуу маселеси үстүндө талкуу курдук. Студиянын коногу коомдук ишмер педегогика илимдеринин доктору Жанкороз Каниметов.

-Учурда билим берүү чөйрөсүндө 1,5 миллионго чукул кыргызстандыктар билим алышат жана эмгектенишет экен. Билим берүү жаатында реформалар болуп жатканы менен бирок көзгө басарлык эмес деп эксперттер айтып келишет. Реформалоо толук кандуу жүрбөй жатканына эмне себеп?

Билим берүүдөгү проблемаларды аныктагандан кийин аны чечүү жолдорун издөө, аныктоо бул реформалоо болуп эсептелинет. Билим берүү эч качан коомдон арта калбаш керек. Биз эгеменди алгандан бери билим берүү боюнча мыйзам эки жолу кабыл алынып өзгөрүлдү. Биринчиси 1992-ж,экинчиси 2003-жылы. Бул мыйзамда билим берүүнүн өнүгүшү келечеги, милдеттери укуктары бардыгы каралган. Бирок учурда билим берүү мыйзамынын аткаруу механизми толук иштебей келет. Учурда жогорку окуу жайлар менен орто мектептерде билим берүүнүн мыйзамдары жок, жоболор аркылуу гана иштеп жатышат.

Бизде коом өзгөрүп, бир калыптуу системага түшпөй жатат да. Маселен, жарандык жүрүм-турумду, укуктук мамилелерди мектептерге жеткирүү милдеттери бар. Ооба, баардык талаптарды жеткирүү кыйын, бирок эң негизги талаптарды жеткириш керек да. Мына эмнеге өлкөдө кылмыштуулук көбөйүп, тартип бузуулар болуп жатат. Ушул нерсенин бардыгы көзөмөлгө алынуу керектигин, балдарга билим берүү, окутуу жолдору менен жеткириш керек. Ушулар боюнча Билим берүү министрлиги комплекстүү карап, алдыга жылдыруу боюнча окуу жайларда, мектептерде бир системага түшүрүү абзел. Жогорудагы милдеттер биздин алдыбызда турат.

-Европанын көбүнчө өлкөлөрүндө мектептерде укук таануу сабагы күчөтүлгөн түрдө кирет экен. Ал жакта өз укугунду коргош учун сөзсүз эле юрист болуунун кажети жоктой. Анткени, окуу жайларга чейин эле укукту жакшы окуткандыктан жетиштүү түшүнүк алып чыгышат. Биз ошондой шартта окутканга эмне тосколдуктар болууда?

Азыр биз тарбия менен билим берүүнү экиге бөлүп алдык. Ал туура эмес, эки принципти тең бирдей колго алуу керек. Укук боюнча сааттар берилген, бирок ал жетиштүү эмес. Бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү саат кошкула кошумча деп жатышпайбы, сааттын баары өлчөнүү да. Ошондуктан класстан тышкары убакыттан пайдаланыш керек. Андай окуутуларды биздин укук коргоо органдары колго алышса аябай жакшы болмок.

-Учурда мектептерде укук таануу сабагы кандай өтүп жатат, Сиз кандай баалайсыз?

Өтө аз саат берилген, анан дагы даяр кесип ээси жок. Маселен, адам жана коомду башка кесиптин ээлери берип жүрүшөт. Анын үстүнө бир саат укук таануу үчүн юристерди чакырып да келе албайсың. Ошондуктан сабак берүүчү мугалимдер мыйзамдарды жакшы билиш керек. Ошондуктан билимдин сапатын жогорлатуу менен укуктук маданиятты жогорулата алабыз деп ойлойм.

-Эмне кылуу керек, билим берүүдө укук таануу жаатын өзгөртүш керекпи?

Мектептерде укук таануу жаатын өзгөртүш керек. Укук таанууда окуучулар “эгер кылмыш кылсаң ушу берененин негизинде жоопко тартыласың” дегендей конкреттүү мисалдардын негизинде окуп үйрөнүшү керек. Канчалык окуучуларга укук таанууну терең окутсак, келечекте чыныгы укуктук мамлекетти түзө алабыз.

Маегиңизге рахмат!  

Автор: Жылдызбек Калыгулов, Марал ФМ

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*