Майыптар да билим алууга укуктуу

Мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибиз татыктуу жашоодо жашаш үчүн жакшы билим алыш керек. Билим алуу үчүн алар жеңилдиктерге муктаж. Дегеле майыптыгы бар жарандардын билим алуусуна жеңилдиктер берилеби? Төмөндө мына ушул туурасында сөз болот.

Жылына 26 миң сом

tattybubuКаарманыбыз Таттыбүбү Сайдирахманова II топтогу майып, жогорку билимдүү болууну көздөп, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин интерьер дизайны адистигине тапшырган. Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге бериле турган жеңилдиктер тууралуу окуу жайдын жетекчилигине кайрылган. Бирок жетекчилик бул бөлүм жаңы гана ачылгандыктан, жеңилдиктер берилбей тургандыгын айтышкан. Учурда Таттыбүбү Сайдирахманова жылына 26 миң сом контракт акысын төлөйт.

Жеңилдиктер окуу жайдын бюджетине жараша болот

“Майыптыгы бар студенттерге кандай жеңилдиктер каралган?” деген суроо менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылдык. Министрликтин басма сөз кызматынын билдиргендигине таянсак, контракт бөлүмүндө окуган майыптыгы бар студент окуу жайдын жетекчилигине арыз менен кайрылат. Анын арызын атайын түзүлгөн комиссия карап чыгат. Андан кийин алар арызды окумуштуулар кеңешине жиберишет. Окуу жайдын окумуштуулар кеңеши ар бир окуу жайдын бюджетине жараша студентке канча пайыз жеңилдик бериле тургандыгын аныктайт.

“Бутум үзүлгөнчө чуркап жүрүп жатакана алдым”

Саламат Карыпбеков (аты-жөнү өзгөртүлдү) I топтогу майып, ушул эле окуу жайдын музыкалык факультетинин студенти. “Мен окуу жайга тапшырып жатканда, майыптыгым тууралуу айтып, жетекчиликке кайрылгам. Бирок мага эч ким көңүл бурган эмес. Кудайга шүгүр, жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде өз күчүм менен бюджеттик орунга илиндим. Бирок шаарда туугандарым болбогондуктан жатакана керек болгон. Майыптыгы барларга жатакана бекер дешкени  менен ал жактан да орун бербей коюшкан. Бутум үзүлгөнчө чуркап жүрүп, документтерди топтодум да, кайра-кайра арызданып жатып, жатаканадан орун алдым. Бутум ооруйт, кээде аялдамадан басып барганча сабакка кечигип калам. Кечиккенде мугалимдер киргизбей коюшат. Экинчи сабакты сыртта күтүп турууга аргасыз болом. Бизде түшкө чейин педагогикалык сабактар, түштөн кийин музыкалык сабактар болот. Мен бутум ооругандыктан түштөн кийинки сабактарга эле келип турайын деп мугалимдерден сурансам, уруксаат бербей коюшкан. Бирок менин группалашым куландан соо болсо деле, түштөн кийин келет. “Сен кантип уруксаат алдың?”- десем, ал “Менин тааныштарым бар” дейт. Менимче, билим берүүдө майыптарга эч кандай жеңилдик жок.”

I, II топтогу майыптарга 50-100% жеңилдик берилет

kubatАрабаев атындагы университеттин музыка кафедрасынын башчысы Кубатбек Жакыпов менен байланышып, студенттерге берилүүчү жеңилдиктер тууралуу сураганымда,  ал төмөндөгүлөрдү айтты. “Негизинен биздин университетте майыптыгы бар студенттерге жеңилдиктер каралган. Коллективдик келишимдин негизинде I топтогу майыптар контракттан 100% бошотулат,  II топтогу майыптарга 50% жеңилдик берилет.  Жатакана толугу менен бекер берилиш керек. Ал эми интерьер дизайны боюнча факультет жаңы ачылбай эле, беш-алты жылдан бери иштеп келет. Эгер ал студенттер менин факультетимде болсо, арыз менен кайра кайрылышсын,  биз маселесин чечип беребиз. ”

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Мунара Кадырдин кызы, Полит Клиника, 14.01.2016

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*