Оорукчан баланы экспертиза таза деп чыгарууда

Өгөй атанын запкысына дуушар болуп, эсинен танган баланы экспертиза таза деп чыгарууда.

Өгөй атасынын мушунан улам 7 жашар бала эсин жоготуп,  оорукчан болуп калды. Бирок экспертиза аны таза деп чыгарууда. Бул тууралуу маалыматты жабырланган баланын апасы Майрамкан Касымжанова (аты жөнү өзгөртүлдү) билдирди.

Анын айтымында, турмушун сактап калуу үчүн өз баласын өгөй атанын мушунан сактап кала албаган.

Биринчи турмушум болбогондуктан экинчи турмушумду сактап калуу максатында баламды өгөй атасынын тепкисинен сактап кала албадым. Жолдошум мурунку аялынан балалуу болбогондуктан мага үйлөнгөн. Ортодо бир балалуу болдук. Ал эми менин мурунку турмушумдан бир балам бар. эки балам ойноп жатса жумуштан келген жолдошум чоң баламды жактырбай башына бир тепти. Балам эсин жоготуп койгонунан улам ооруканага алып барсам, оорукчан болуп калганын айтышты. Эгерде чоң суммадагы акчага дары-дармегин алып дарылатпасам жакшы болбойт экен. Аны билгенден соң милицияга кайрылдым. Алар далил катары баламды экспертизадан өткөрүү керектигин айтышты. Макул болуп, медициналык экспертизага берсем алар таза деп чыгарышууда. Бирок врачтар оорулуу экенин тастыкташууда. Ошентип экспертизадан чындык чыкпай жатат. Эмне кылууну да билбей калдым,-дейт М.Касымжанова.

Ал эми “Укук жана Мыйзам” Юридикалык компаниясынын директору Нургазы Абдувалиевдин айтымында, Кылмыш ишин козгоо учун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин талаптарына ылайык анын аракетинде кылмыштын курамы болуусу зарыл.

-Тергөөчүнүн аракети туура. Сөзсүз түрдө кылмышты козгоо үчүн сабаган атанын аракетинде кылмыштын курамы болуусу тийиш. Ал үчүн далил катары соттук-медициналык экспертизанын корутундусу керек болот. Ал эми соттук-экспертизанын корутундусуна менен макул болбосоңуз ага карата даттанып, кайра экспертиза дайындатсаңыз болот,-дейт Н.Абдувалиев

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды” 

Даярдаган: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”, 12.01.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*