Кызмат көрсөтүү борборун башка айыл өкмөттөрдө да уюштууруу зарыл

Өтүп бара жаткан жылдын июнь айында Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндө Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен түзүлгөн кызмат көрсөтүү борборунун алдында айыл өкмөтүнүн кызматкерелеринен, аялдар кеңешинин,аксакалдар сотунун мүчөлөрүнөн жана жаш активистерден куралган калкка укуктук жактан жардам көрсөтүү максатында ыкчам тобу түзүлгөн. Топтун негизи максаты калктын социалдык аялуу тобунун укуктук көйгөйлөрүн аныктоо жана аялдарга, тобокел топтогу балдарга жана жаштарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга укуктук жактан жардам көрсөтүү, анын ичинде сот адилеттиги институттары менен биргеликте иш алып баруу калктын социалдык аялуу тобунун укуктук көйгөйлөрүн чечүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо болуп эсептелген.

Ыкчам топтун август айындагы олтурумунда топтун айылдарда иштөө графиги бекитилди.Укуктук кызмат көрсөтүүнүн механизмдери боюнча долбоордун аймактык эксперти тарабынан презентация жасалды. Өнөктөштөр менен – мамлкеттик каттоо кызматы (ГРС), ЖААК (ЗАГС) кызматкерлери менен чогуу иштөөнүн жолдору түшүндүрүлдү.Ыкчам топтун айылдарда практикалык иш алып баруу кадамдары сунушталды. Айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадумаров тарабынан топтун мүчөлөрүнө практикалык иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлдү.

Аны менен катарда калктын социалдык-аялуу топтору менен иштөө үчүн практикалык иштин графиги жана анын максаты жөнүндөгү жарыялар аталган айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык, Ак чал, Баглан, Кызыл-Булак айылдарында илинди. Жергиликтүү ЮТС каналы аркылуу калкка кабардар кылынды. Ошондой эле ушул маалыматтар аталган айылдардагы мечиттерде, мектептерде айтылды. Мындан тышкары айыл башчыларынын катышуусунда жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Аларга ыкчам топтун айылдарда иш алып баруу милдеттери жана алардын иштөө графиги жөнүндө маалымат берилди. (Кошулду) Бекитилген графике ылайык укуктук жардам көрсөтүү дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби күндөрү саат 9:00дон 12:30 га чейин Кызмат көрсөтүү борборунда берилди.

Укуктук көйгөй менен кайрылган жарандарды каттоо боюнча журнал ачылып, тийиштүү маалыматтар жазылды. Көйгөйдүн чечилүүсүнө карата анализ жүргүзүүгө, маалымат- базасын түзүүгө мүмкүнчүлүк болду. Топтолгон маалыматтар маселени өнөктөштөр менен биргеликте сапаттуу чечүүгө жардам берди.

Ар жуманын шаршемби күндөрү саат 10:00дөн 15:30га чейин кызмат көрсөтүү борборунда муниципалдык кызматтар менен биргеликте документтештирүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын. (ГРС) жарандык абалдын актыларын катттоо (ЗАГС) мекемесинин адистери тарабынан мамлекеттик кызматтар көрсөтүлдү.Буга кошумча жергиликтүү фасилитатор-юристке жана социалдык жактан коргоо кызматкерине укуктук кызматты уюштуруу үчүн Долбоор тарабынан персоналдык компьютерлер, принтер жана скайп-конференцияларды өткөзүүдө колдонуу үчүн экран берилди.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Кызмат көрсөтүү борборунун компьютери интернет менен туташылды. Мында борборго келген жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдар менен таанышууга чоң мүмкүнчүлүк алышты. Долбоордун алкагында чыгарылган кыргыз тилиндеги «Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу зарылбы?», «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын актуалдуу укуктук суроолору» сыяктуу колдонмолор да калктын аялуу катмарынын укуктук жактан маалымат алуусуна чон жардам берди. Аларды окуган жарандар документтештирүүдө тийиштүү кагаздарды топтоодо көп суроолорго жоопторду өздөрү табышты. Ошол эле учурда башкаларды үйрөтө баштаган учурлар да кездешти.

2015-жылдын август, сентябрь, октябрь айларында калктын аялуу тобун мамлекеттик документтер менен камсыздоо үчүн алардын укуктук көйгөйлөрүн аныктоо, топтоо боюнча ыкчам топ тарабынан жогоруда аты аталган айылдарда 5 жолу практикалык иштер өткөрүлдү. Натыйжада калктын социалдык аярлуу топторунун арасында 113 жарандын укуктук көйгөйлөрү аныкталды. Алардын ичинен 57 жаран туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, нике тууралуу күбөлүгү жоктор- 28, паспорту (ID картасы) жоктор -15, түрдүү юридикалык документтери боюнча 10, жер талаш маселеси боюнча3 жаран кайрылган. Алардын көйгөйлөрү жана өздүк маалыматтары атайын формага түшүрүлдү. Долбоордун алкагында жалпысынан Кулатов айыл өкмөтү боюнча калктын аялуу катмарынын 122 кишисине укуктук кеңеш берилди. Алардын ичинен туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу боюнча – 53, нике тууралуу күбөлүк алуу боюнча -17, паспорт (ID картасын) алуу боюнча -40. Ал эми 14 жаран адвокаттын квалификациялуу юридикалык кеңешин алышты.

Кызмат көрсөтүү борборуна кайрылган жарандар айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен тийиштүү тастыктоочу аныктамаларды алышты. Кайра эле даярдалган аныктамалар мамлекеттик документтерди алуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына (ГРС,) ЖААК (ЗАГС)тын тийиштүү адистерине тапшырылды. Бир эле жерде укуктук кеңеш берүү, аныктамаларды алуу, тийиштүү документтерди тапшыруу ишке ашырылды. Документ алууга тийиштүү жарандардын өздөрүнүн келүүсү көйгөйдүн ордунда чечилүүсүн шарттады. Натыйжада жарандар башка учурлардагыдай документ алууда райборборго чуркоо, райондук ЖААК (ЗАГС) кайрылуу, кайрадан айыл өкмөтүнө келүү, сыяктуу убарагерчиликтен арылышты. Бекитилген график боюнча ар жуманын 3-чү күнү документке муктаж болгон адамдарга кабар берилип, алар менениш алып баруу оңой болду. Транспорт каражаты, убакыт үнөмдөлдү.

Документ алган адамдарда айыл өкмөтүнө карата чоң ишеним пайда болду.Ушу тапта жарандар тарабынан түзүлгөн шарттарга карата айыл өкмөтүнүн дарегине көптөгөн ыраазычылык пикирлер айтылууда. Мындан тышкары бул жүзөгө ашырылган долбоор ушундай эле усул менен Кызмат көрсөтүү борборунда муниципалдык кызматтар менен бирге башка мамлекеттик кызматтар боюнча да иш алып баруу мүмкүн экендиги далилденди.

Демек, бүгүн Кулатов айыл өкмөтүндөгүдөй Кызмат көрсөтүү борбору райондун башка айыл өкмөттөрүндө түзүлсө өзүнүн он натыйжасын бермек. Анткени башка айыл аймактарында калктын аялуу катмарынын өкүлдөрү укуктук маалыматтын жоктугунан буга кошул-ташыл акча каражатынын тартыштыгынан документештирүү иштерин аргасыз артка сүрүшөт. Ал эми Клатов айыл аймагындагы тажрыйыба дал ушундай жарандар үчүн эң жакшы түзүлгөн шарт болуп эсептелет.

Бул макала Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз Республикасында Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Нуркамил Абдуллаев, Ноокат таңы, 28.12.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*