Саламатчылыкты сактоодо укугуңуз корголобу?

salamattyk

Бүгүнкү күндө меджардам алууда, саламатчылыкты сактоодогу укуктарынын корголушуна жарандардын нааразычылыгы жок эмес. Медкызматкерлеринин дарыланууга кайрылган жарандардан операция ж.б. дарыланууга, медкарта ачууга акча сураган учурлары эл арасында айтылып жүрөт. Айрыкча, тиш дарыгерлеринин «дарыларды, каражаттарды өзүбүз сатып алабыз» деген «жүйөөсү» менен мамлекеттик мекемеде иштегендигине карабастан кымбат дарылоо жүргүзгөндүгүнөн, канчалары тиш дарылоодон кыйналышат. Стоматологиялык клиникалар мамлекеттик болгону менен ар бир дарылоого акы төлөнөт.

Негизи Кыргыз Республикасында жарандардын укуктары, анын катарында ден-соолукту бекемдөөдөгү укуктар да Баш мыйзам-Конституция жана тиешелүү башка мыйзамдар менен корголгон. Жарандардын саламатчылыгын чыңдоо багытында Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тармагы эгемендүүлүк жылдары бир топ реформаларды ишке ашырды. Айтсак, учурда Үй-бүлөлүк медицина борборлору ( ҮБМБ), анын Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ҮБДТ) иштеп жатат. ҮБДТ мурунку поликлиникалардын ордун басты десек болот. Мындан тышкары стационардык дарылоо да оптималдаштырылды жана жабдуулар менен камсыздалууда, дарылоонун жаңы ыкмалары пайдаланылууда. Мамлекет тарабынан жарандарды дарылоочу жеке менчик клиникалардын ачылышына руксат берилип, көптөгөн жеке менчик клиникалар ачылып жана иштеп жатат.

Айтайын дегенибиз жарандарыбыздын саламатчылыгын сактоодо акысыз дарылоо, кошумча акы төлөтүп дарылоо багытында мамлекет тарабынан камкордуктардын көрүлүшү. Бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде саламаттыкты сактоодо жарандардын укуктары корголуп жатат-кеп ушул жөнүндө болмокчу.

Белгилүү болгондой, мамлекетибизде жарандардын ден-соолугун чыңдоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу Фондусу (ММКФ) түзүлүп, көп жылдардан бери ийгиликтүү иштеп жатат. Анын иш-аракетинин негизинде бирдиктүү төлөө системасында иштешкен саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан жарандарга медициналык жардамдарды алууда жеңилдиктерди камсыздоо ишке ашырылууда.Бирок, кандайча ашырылууда?

maksymbekБиз КР ММКФнын Ош аймактык башкармалыгынын башчысы Омокеев Максымбек Коңколоевичтен жарандардын саламатчылыгын сактоодо укуктары корголушу үчүн кандай жеңилдиктер каралган жана ал кандайча ишке ашып жаткандыгы тууралуу,ошондой эле Ош областында бул багытта абал кандай экендигин сурадык. Ал төмөнкүлөргө токтолду:

– Жарандарыбыздын саламатчылыгын сактоодо мамлекет тарабынан тиешелүү камкордук көрүлүп жатат жана бул үчүн жеңилдиктер каралган. Атап айтсак, ММКФнын негизги милдеттеринин бири болуп саналган-жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер Программасы бар жана ал аткарылып жатат, анын аткарылышы ММКФ тарабынан көзөмөлдө. Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарын каржылоо жана алар көрсөткөн медициналык, профилактикалык жана фармацевтикалык кызматтардын сапатына экспертиза жүргүзүү, милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен калкты камтууну кеңейтүү, камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен камсыздоо боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасын (ММК КП) жана айрым оорулар менен ооруган 5 категориядагы бейтаптарга МКПнын негизинде жеңилдетилген дары – дармектер менен камсыздандыруунуишке ашыруу багытында иш алып барылат. Андан сырткары өз компетенциясынын чегинде ишке ашырылып жаткан программалардын алкагында камсыздандырылган жарандардын кызыкчылыктарын коргоо, саламаттыкты сактоо тармагында калктын укуктары жөнүндө алардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча тынымсыз иш жүргүзүлөт. ММКФнын жер-жерлердеги башкармалыктары медмекемелер менен келишим түзүү жолу менен иш алып барат.

Маселен, 2015-жылга ММК Фондунун Ош аймактык башкармалыгы Ош областынын калкын Мамлекеттик кепилдиктер Программасы (МКП) боюнча медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо багытында 42 мамлекеттик жана 1 жеке менчик саламаттыкты сактоо уюмдары менен келишим түзгөн.

Андан сырткары Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы (ММК КП) боюнча камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген түрдө дары-дармек менен камсыздоо багытында 9 ҮМБ, 4 ЖПДБ жана 34 дарыкана мекемелери менен дагы келишимдер түзүлгөн.

2015-жылдын 1-июлуна карата Ош областы боюнча ҮБМБнун №7-отчеттук формасына ылайык катталган калктын саны 1008572ни түздү, анын ичинен 832652 (82,5%) камсыздандырылган жарандар, ошонун ичинен:

– 94108 (11,3%) -иштегендер;

– 92172 (11,1%) -ардагерлер;

– 381863 (45,9%) – 16 жашка чейинки балдар;

– 44875 (5,4%) -16-18 жаштагы мектеп окуучулары;

– 14837 (1,8%) – социалдык жөлөкпул алуучулар;

– 187256 (22,5%) -фермерлер;

-17317 (2,1%) – өз алдынча төлөм төлөгөндөр болуп саналат.

Айта кетүүчү нерсе, ММКФнын негизинде медмекемелерден жеңилдетилген меджардам алуу үчүн ММК (милдеттүү медициналык камсыздандыруу) полиси каралган. Жарандар бул полисти алуу менен меджардам алууда өз укуктарын коргошот.

ММК полисин жарандар жашаган жеринде жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып же ММКФнын областтык башкармалыгынын өзүнө барып алса болот. ММК полисин алуу үчүн ҮБДТга барып арыз жазуу керек. Арыздын негизинде ММКФнын областтык башкармалгы тарабынан полис берилет. ММК полисинин наркы бир жылга 500 сом турат.

Маселен, биздин башкармалыктын адистери тарабынан 2015-жылдын 9 айында баары болуп 2171ММК Полиси таркатылды.

Камсыздандырылган жарандар ММКнын Кошумча программасы аркылуу амбулатордук денгээлде дары-дармек менен камсыздалат. Алсак, Ош облусу боюнча ММКнын Кошумча программасы менен 8 ҮМБ, 4 ЖДПБ анын ичинде 158 ҮДТ иштейт. Калкка ММКнын Кошумча программасы боюнча фармацевтикалык кызмат менен камсыз кылуу максатында ММК Фондунун Ош аймактык башкармалыгы 36 дарыкана мекемелери менен келишим түзгөн. Баары болуп, Ош облусунда жана Ош шаарында 31 дарыкана, 148 дарыкана пункту жайгашкан. Аптека тармактары бардык ҮДТ жайгашкан калк конуштарда ачылган. Ал эми, бир канча аралыкта жайгашкан бийик тоолуу Алай районунун: Сары-Моңол, Жаңы-Алай, Сары-Таш айылдарына, Кара-Кулжа районунун: Ак-Кыя, Ылай-Талаа, Буйга, Ажике, Тоготой, Калинин айылдарына, Чоң-Алай районунун Жекенди, Кара-Мык айылына, Араван районунун: Чөгөм, Маңгыт айылдарына дарыкана тармактары жеткен эмес.

Башкармалыктын адистери тарабынан 2015-жылдын 9 айында ооруканаларда дарыланып жаткан 603 бейтаптарга анкетирлөө жүргүзүлдү. Бул 2015-жылдын 9 айында экспертизадан өткөн 6526 медициналык карталардын 9,2% ын түздү.Анкетирлөөнүн жыйынтыгына ылайык,стационардагы ооруканага жаткыруунун жол-жобосуна канаатангандар-555 (92,0%), ооруканага жаткыруунун жол-жобосуна канааттанбагандар- 48 бейтап (8,0%)болгон. Анын ичинен бир терезеден экинчи терезеге жүгүрткөнүн – 5(10,4%) бейтап, оорунун тарыхын толтургандыгы үчүн акы төлөөнү талап кылганын – 26(54,2%)бейтап, узак убакыт бою кезекте турганын – 17(35,4%) бейтап билдирген.

Дары дармектер менен камсыз болуусу боюнча өзүнүн эсебинен сатып алгандыгын – 71(11,7%)бейтап билдирген, анын ичинен дарыканадан сатып алганы- 67(94,4%), врач көрсөткөн дарыканадан сатып алганы- 2(2,8%), медициналык кызматкерден сатып алганы- 2(2,8%).

Ал эми дарылануу үчүн, канча акча талап кылгандык боюнча, тактап айтканда, кошумча төлөм төлөгөнү -257(42,6%), наркоз үчүн ачка төлөгөнү – 30(5%) бейтап, операция үчүн ачка төлөгөнү – 71(11,8%)бейтап, дары-дармек үчүн ачка төлөгөнү -56(9,3%) бейтап болгон.

Акчаны кайда төлөшкөндүгү боюнча алардын ичинен – 229(38%) бейтап кассага, 127(21,1%) бейтап акча каражатын медициналык кызматкерге төлөгөнүн билдирген.

МКК Фондунун Ош АБнын адистери тарабынан жарандардын саламаттык сактоодогу укуктарынын корголушу жана алардын маалыматтуулугун жогорулатуу, ошондой эле калкты Милдеттүү медициналык камсыздандырууга камтуу боюнча, ММК программаларын, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу максатында газетага макала жарыялоо, телевидение жана радио аркылуу маалымдоо жана жер-жерлерге барып калкка маалымат берүү аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.

Мындан тышкары, ММК Фондунун Ош аймактык башкармалыгында жарандар үчүн ишеним телефону иштейт. 2015-жылдын 9-айында баары болуп жарандардын 282 кайрылуусу катталган. Алардын арыздары боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, чаралар көрүлдү.

Айта кетсек, 10 жашка чейинки балдарга, 70 жаштан ашкандарга жана боюнда бар аялдарга бардык мамлекеттик медмекемелерде, анын ичинде мамлекеттик стоматологиялык клиникаларда профилактика жана санация акысыз көрсөтүлөт.

М.Омокеевдин жогорудагы берилген маалыматынан көрүнүп тургандай, жарандардын саламаттыкты сактоодогу укуктарын коргоо боюнча мамлекет тарабынан камкордук көрүлгөн. Анткени менен амбулатордук дарылоодон тартып стационардык дарылоого чейин жарандардын укуктары корголбой калган учурлар көп. УЗИден өтүү, лабораториялык изилдөөлөр, медкарта ачуу, атайын адистерге көрүнүүдө бейтаптардан акча талап кылуу такай кездешет. Ошол эле учурда акча төлөгөндүк боюнча эч кандай төлөм кагазы берилбейт. Операция жасоодо кыйла көп сумма төлөөгө туура келет. Ооруканада дарыланып жатып дары-дармекке акча төлөгөн учурлар бар. Бул маселе саламаттыкты сактоодогу эң орчундуу маселе болуп калууда жана коомчулукта канчалык көп айтылганы менен эч кандай майнап чыкпай келет. Пациенттер медкызматкерге акча бергени тууралуу жашырышып, айтышпайт, айрымдарынан башкасы, арызданышпайт да. Бул орчундуу маселенин чечилиши үчүн, албетте, мамлекеттик деңгээлде чаралар көрүлүп жатат. Бирок, маселени чечүү ар бир медмекеменин жетекчисине, дарылаган дарыгердин ар-намысына жана дарыланып жаткан бейтаптын өзүнө байланыштуу деп ойлойбуз. Жарандарыбыз өздөрү мамлекет тарабынан меджардам алуудагы укуктары, жеңилдиктер жөнүндө маалыматка ээ болушу жана өз укутарынын корголушун талап кылуулары зарыл.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

К.Кыдыралиева, Ош жаңырыгы, 19.12.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*