Зарема: «Баламды кантип төрөп, кайсы жерге алып барып багам?..»

ledi

Көчөдөн ай-күнү жетип калгандай араң басып бараткан келинге көзүм түштү. Демейде эне болуу бактысына ээ болчу аялдар бул учурда бакытка тунуп жүрүшөт эмеспи. Бул келиндин көзүндө үмүттүн шооласы өчүп, өзү жашоодон чарчагандай туюлду. Көзүнөн билинер-билинбес жашты улам сүртүп коюп майда баскан келинди сөзгө тарттым.

«Он алты жашымда турмушка чыктым»

– Мен Оштун райондорунун биринде төрөлгөм. Бир жаш эки айымда атам менен апам ажырашып, апам эки кызы менен уулун алып үйдөн чыгып кетет. Жаңыдан тогузду бүткөн эжемди турмушка берип, агам экөөбүз менен калат. Апам бизди ээрчитип алып үч-төрт жолу турмуш курду. Мен дайыма апамдын жанында болчумун, агам болсо үйдөгүлөр менен урушуп көчөгө кетип калчу. Апам бирөөнүн үйүндө өзү араң олтурса кантмек эле, агамды издечү деле эмес. Ал көчөдө эле жүрчү. Кээде келип мени ээрчитип кетчү. Баламын да, агамды ээрчип жүрө берчүмүн, экөөбүз коркпой эле көчөдө түнөгөн да күндөрүбүз болгон. Кийин бир аз чоңоюп акылыма киргенде ээрчибей калдым. Апам акыркы жолдошуна тийгенде жакшынакай эле жашачубуз. Бир күнү ал киши үйүн бизге жаздырып келмекчи болуп кетип атып эшектен жыгылып катуу ооруп жатып калды. Апам аны колунан келишинче бакты, тилекке каршы, мен 9-класс кезде ал киши каза болуп калды. Анан баласы бизди үйүнө батырбай койду. Апам экөөбүз көчөдө калып, таякемдин үйүнө барып жашадык. Ошондо мени 9-классты бүттү деп күйөөгө бермек болуп калышты. Мен: «Күйөөгө тийбейм, окуйм», – деп каршы болдум. Аңгыча шаардагы бөлөмдөр келип “окутабыз” дешкенинен шаарга кетиргени жатышкан. Эртең кетем деп такси жалдаганы барып коңшу айылдык бир жигит менен таанышып калдым. Ага эртең шаарга кетеримди, такси даяр экенин айтып койгом. Эртеси шаарга кетеримде ошол бала достору менен келип ала качып кетти. Таякемдер «кечке эле апаңды ээрчип жүрө бермек белең, эч жерге батпайсың. Ушул жерде жашайсың» деп отургузуп коюшту. Ошентип, он алты жашымда турмушка чыктым. Күйөөм менден он жашка улуу болчу. Тагдырыма баш ийип жашап калдым.

«Кайненем мени жактырбай койду»

– Мен жаңы келгенде эле кайненем: «Мен буга паланчанын кызын алып бермекмин, бул макул болбой сени алып келип алды. Сен муну окутуп башын айлантып алгансың, болбосо бул сага үйлөнбөйт болчу. Мен силерди баары бир жашатпайм», – деген. Апасынын каршы болгонуна карабай эле жашай бердик. Бирок такыр бизге тынчтык бербей койду. Жети айлык боюмда бар кезде күтүүсүздөн сокур ичеги болуп калдым. Операциядан кийин ичим чоңойгон сайын кесилген жери ачылып, канап абдан кыйналдым. Андан улам дарыгердин көзөмөлүндө болсун деп ооруканага жаткырып коюшкан. Ошол учурда кайненем күйөөмдү шаарга кетирип жибериптир. Төрөдүм, ооруканадан чыкканча эч кимиси келген жок. Күйөөмө телефон чалсам такыр албайт. Апасынын сөзүнөн чыкпаган бала болчу. Төрөт үйүнөн эжемдикине чыктым. Анын деле балдары, кайнене, кайнатасы бар болгондуктан үйүнө көпкө деле баткан жокмун. Баламдын кыркын чыгарып алгандан кийин эжем таксиге салып «күйөөңө бар» деп шаарга жөнөттү. Күйөөм тосуп алды. Атасы менен апасы ажырашып, атасы шаарда эле, кайнатам үйлөнүп алган экен. Күйөөм Бишкекте телевизор, DVD оңдоп иштеп атыптыр. Жаңы конуштардын биринде үйү бар болчу, жакшынакай эле жашап калдык.

«Акыры ажыраштырып салды»

– Шаарга келгенимди уккан кайненем менин артымдан келди. Келип кайнатамдын үйлөнүп алганын угуп андан бетер кыжырданды. Ошондо кайнатам бизди “тынчыраак жашагыла” деп батирге чыгарып жиберген. Жашаган батирибизди эч кимге айткан эмеспиз, кайненем билчү эмес. Бирок ал күйөөмдүн артынан аңдып жүрүп үйгө келиптир. Күйөөм жаңы эле жумуштан келип олтурганда апасы артынан келип калды. Экөөбүздү абдан урушту. Ошондон бир жума өтүп-өтпөй эле кайненем: «Сен мени менен айылга барасың, күйөөң он күнчө иштеп барып калат», – деди. Мен макул болуп, оюмда жаман нерсе жок жүктөрүмдү жыйнап, баламды көтөрүп жолго чыктык. Ошко жеткенде эжемдикине барып: «Мына, күйөөсү талак жазып берди, балам “жашабайм” деп айтты. Кызыңардын алты саны аман, алып калгыла», – деп мени таштап коюп кетип калды. Күйөөмө чалсам, кайненем алып атпайбы, телефонун да алып алыптыр. Ошондон кийин өзүмчө жашап калдым. Апам бала менен үйдө олтурат, мен самсакана, кафелерде идиш жууп иштеп акча таап аларды бакчумун. Балам үч жаштан өтүп калганда дивандан кулап башы жарылды. Операциясына көп акча керек болуп айлам кетип баламдын атасына чалсам, кайненем: «Сен калпты айтып бизден акча алгың келип атат», – деп бердирбей койду. Эптеп сураштырып жүрүп акча таап баламды операция кылдырып айыктырып алдым.

«Бир жигит менен таанышып калдым»

– Балам чоңоюп калганда апам экөөнү таштап тааныштар аркылуу Орусияга иштегени кеттим. Ал жакка барып документ тууралаганча эле эки айдай убакыт өтүп кетти. Жаңы эле идиш-аяк чыгарган заводго ишке кирип, иштеп атканымда агам каза болуп калды. Ал Ошко балдар менен ойногону келип аракты көбүрөөк ичип алганбы, айтор, жаткан боюнча каза болуп калыптыр. Аны угуп стресс болдум. Андан кийин эле балам жоголуп кетип бир сутка дегенде туугандардыкынан табышты. Агам каза болуп, балам жоголуп, апам кан басымы көтөрүлүп жатып калды. Мен тынч иштей албай кете бермек болдум. Анан алты ай дегенде кыйратып акча таппай кайра келдим. Келип тигүү цехинде, кафелерде иштеп жүрдүм. Туугандарым «турмушка чыгып балалуу болушуң керек» деп уруша бергенинен айла жоктон турмушка чыгууга туура келди. Жакшы адамга жолуксам, апам менен баламды колубузга алып жашай берет элек деп кыялдангам. Ошентип, бирөөлөр аркылуу бир жигит менен таанышып калдым. Ал дагы бир турмуштан ажыраган, бир баласы бар неме экен. Экөөбүз телефон аркылуу таанышып, эки айдай телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Кийин жолукканда байкасам, мага окшогон эле карапайым адам экен. Ага турмушка чыгууга макул болдум.

«Күйөөнүн деле кереги жок, балам аман төрөлсүн деп качып чыктым»

– Экөөбүз үйлөнүп, анын үйүндө жашап калганбыз. Бирок ал ичет экен, соосунда андан жакшы адам жок. Ичип алса эч кимди тааныбай калат. Мени абдан урчу. Кийинки учурларда соосунда деле кошуналардан кызганып көп урушчу болгонбуз. Үйгө досу келип калса деле: «Бул келчү эмес, сен келгенден бери келип калды», – деп эзе берчү. Мен турмушка чыкпай ортодо жети жыл жүрдүм, ошондо «эгерде турмушка чыксам, урмактан өлтүрсө да ажырашпай жашайм» деп өзүмө сөз бергем. Ошол сөзүмө туруп урса дагы, тепсе дагы чыдадым. Чыдайм деп бир күн үйдө жатсам, эки күн атканада жаткан күндөрүм болду. Кошуналардыкына да качып барчумун (ыйлап). Кош бойлуу болуп калдым, чырыбыз анда деле токтогон жок. Тамагымдан кармап муунтуп, абдан сабачу. Эртеси соолукканда көк ала болгон келбетимди көрүп: «Сага эмне болду? Каяктан көк ала болуп жүрөсүң», – деп урушат. Апасы анын кылганын айтса мойнуна албайт. Ичим улам чоңойгон сайын бир күнү болбосо, бир күнү өлтүрүп койбосун. Күйөөнүн деле кереги жок, балам аман төрөлсүн деп качып чыгып Беловодскидеги эжемдикине кетип калдым. Акча таап алып апам менен балама кетем деп жаткам. Бир жумадан кийин күйөөм артымдан келип: «Ичпейм, жумуш табам, жакшы жашайбыз», – деди. Макул болдум, ал бирөөнүн малын кайтарып ишке кирди. Байтикте ичи суук, көгөрүп кеткен, от жаксаң жылыбаган бир бөлмөлүү үйдө эптеп эле жашап жатканбыз. Кечээ жакында иштегенине бир ай болуп айлык алып дагы ичип алып мени урду. Уктап калганда чыгып эжемдикине бардым. Ал эжеме деле батпайм да, эртеси «Сезим» кризистик борборуна келдим. Ал жерде он күнчө туруп, Фучик көчөсүндө жайгашкан кайрымдуулук үйүнө которулдум. Азыр барарга жерим жок, иче турганга ашым жок айлам кетип эмне кыларымды билбей олтурам. Төрөй турган убагым келип калды, эртең толготсом бир сом акчам жок кантип төрөп, баламды алып каерге алып барам, билбейм. Айрымдар «балаңды төрөсөң бага албайсың, бирөөгө бер» дешет. Мен бала үчүн турмушка чыккам, кантип берем. Апама эч нерсе айта элекмин, анын деле мага жардам бергенге мүмкүнчүлүгү жок. Жок дегенде мени ойлонбой олтурсун деп унчуккан жокмун. Алар деле жыргап аткан жок, бирөөнүн үйүндө жашап, балдарын карап берет. Балам 2-класста окуйт, эжейи күн сайын чалып: «Бүгүн балаң жыртык өтүк, кир жемпир кийип келиптир. Келип балаңды карабайсыңбы», – дейт. Балам да: «Апа, качан жанымда болосуз? Келип биздин чогулушка барсаң боло. Баарынын ата-апалары барат, менин эле таенем барат», – деп жүрөгүмдү эзет. Паспортумду бирөөгө күрөөгө коюп миң сомго азык-түлүк алдык эле, аны алганга да мүмкүнчүлүгүм жок. Балама атасы алимент төлөчү, акыркы кезде төлөбөй жатат. Себебин сурасам, “күйөөң үйүндө жок болуп атат” деп коюшту. Эмне кыларымды билбей калдым.

Мага тамак-аш кийим кече, каражат жагынан деле жардам бергендер болсо жакшы болот эле. Кыргыз элимден жардам сурайм. 0778 006387

 

Аскат Байматов, юрист: «Балдарынын атасынан алимент алса туура болот»

– Биринчи күйөөсү алиментти соттун чечимисиз төлөп келген болсо, аны сотко бериш керек. Сот ал баланын алган айлыгына карап канча төлөп берерин чечип, баласы 18 жашка чыкканча алимент төлөөгө милдеттендирет. Ал эми экинчи баласы төрөлөрү менен экинчи күйөөсүнөн да баласына 18 жашка чыкканча, өзүнө 3 жылга чейин алимент сураса болот. Күйөөсү иштейби, иштебейби, ага карабай төлөп бергенге милдеттүү. Үй-бүлөлүк кодексте ошондой жазылган.

Жөлөк пул боюнча социалдык жактан коргоо кызматына кайрылып көрсө болот. Документ тапшырса жалгыз бой эне деген негизде жөлөк пул төлөнөт. Бирок ал деле көп акча болбойт, балдарынын атасынан гана алимент алса туура болот.

Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорунун көмөгү менен даярдалды.

Динара ЧОКОЕВА, “Леди.КГ”, 22.12.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*