“Сезим” кризистик борбору зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер менен тыгыз иштешет

sezim4

Акыркы учурларда коомдо аялдардын балдардын зордук-зомбулукка тушболгондору, алардын талкаланган тагдырлары эл арасында талкууланып, көйгөйдү токтотуунун амалдарын издеп жаткан кезибиз. Тилекке каршы, бул көйгөйгө себеп болгондордун саны дагы деле орчундуумаселени туудуруда. Зордук-зомбулукка кабылган аялдардын абалы, келечектеги жашоосу албетте коомду кайдыгер калтырбай койбойт. Бул чыгарылышта “Сезим” кризистик борборунда учурда убактылуу жашап жаткан, зордук зомбулукка кабылып бүгүнкү күнгө чейин жардамга муктаж болуп жүргөн 33 жаштагы Мээрим айымдын (белгилүү себептер менен аты-жөнү өзгөртүлгөн) тагдыры жана борбордун кызматы тууралуу айтып беребиз.

Мээрим айымдын тагдыры бир учурда коомго катуу талкууга алынып, жашоосуна зыянын берген адамдар камалып, адистердин жардамы менен сот акыйкатына жеткен. Тилекке каршы учурдагы жашоосу аталган соттун чечимдери менен токтоп калган эмес. Анда, окуяны башынан баштасак.

Мээрим 2 баланын энеси. Буга чейин Талас облусунда мед.айым катары иштеп келген. Азыр туруктуу иши, үйү жок болгондуктан бул жайда баш калкаалап жаткан кези. Бул абалга жашоосундагы жакын адамы себеп болгон, тун уулунун атасы алиментти төлөөбө үчүн анын жашоосуна бут тосуп, ишинен дагы чыгууга мажбур кылган.

“Мен кичинекей кезимен баштап эле ата-эне мээриминен куру калып, чоң энемдин колунда өскөм. Турмуштун ачуу-таттуусун көрүп чоңойдум. Бойго жеткенде өз күчүм менен окуп чоң энеме жардам берүүгө аракет кылгам. Күйөөм мени ой-боюма койбой алып качып кеткен. Тагдырдын буйругу деп отуруп калгам. Кийинчерээк, 2-3 айлык боюмда бар кезде эле жолдошум уруп-согуп менден ачуусун чыгара баштады. Жок жерден жалаа жаап уруша берди. Ошентип, боюмда бар кезде аны менен ажырашып кеттим. Тун уулум төрөлгөндө дагы балабызды өз баласы көрбөй чанып койду. Мен анысына карабай өз жашоомду улантуунун айласы менен жүрүп, кийинчерээк башка адамга турмушка чыктым. Экинчи турмушум жакшы эле болуп жаткан. Биринчи күйөөм анда да мени жөн койбой мени ар кимге жамандап, ар түрдүү ушактарды айттырып жатып ажыраштырып тынды. Тун уулум учурда 4-класста окуп калды, экинчи жолдошуман 6 жаштагы уулум бар. Бул иш-аракеттерден кийин тун уулумдун атасына ачуум келип, андан алимент кестирүүнү туура көрдүм. Уулум күйөөмдүн өз баласы болгонуна карабастан алимент берүүдөн баш тартып жатты. Мен сот органдарына кайрылдым. Бир күнү ошол күйөөмдөн алимент өндүрүүгө жардам бере турган прокуратура кызматкерлеринен 3 адам мага келип жардам беребиз дешти. Мен аларга ишенип, акыйкатка жетүүгө үмүт кыла баштадым. Тилекке каршы ал адамдар алимент бергиси келбеген күйөөмдүн прокуратурадан атайын жалдаган тааныш адамдары экен. Мени бир имаратка алып барып коркутуп, мазактап, күч менен зордукташып, өтө жаман абалга калтырып кетишти. Бул нерселерден кийин кимге ишенээримди билбей калгам. “Сезим” кризистик борбору мени бул жагдайдан чыгууга жардам берди.

Суукта тоңуп, көчөдө балдарым менен калган күндөр болгон. Ушундай жагдайда калганда жакшы адамдардын жардамы менен бул борборго баш багып кирдик. Ошентип адистер мени менен иштеп, кыянаттык кылган адамдардын өз жазасын алууга, камалуусуна жардам беришти. Бирок азыр дагы зордук-зомбулук кылган адамдар коркутууда. Ишимен айрылгам. Балдарымды кантип окуутаарымды билбейм. Учурда убактылуу бул борбордо жашап жатабыз”, – деп көз жашы менен бизге аянычтуу тагдырын айтып берди Мээрим айым.

Окуяны уккан соң “Сезим” кризистик борборунун адистери менен баарлашып, бул сыяктуу тагдырларга кандай кам көрүлүп жатканын, кандай кызматтар көрсөтүүлөрүн тактадык.

Борбордо психолог катары иштеген Виктория Тяндын айтымында, бул кризистик борбор 1998-жылдан бери кызматта.

sezim

“Биздин борбор зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укугун коргоп, алардын келечектеги жашоосуна моралдык жактан кеп-кеңештерди беребиз. Күнү-түнү иштеген 0312512640 номериндеги ишеним телефонубуз бар. Кызматта 6-7 адам кезектешип иштеп, ар бир келген чалууларга жооп берип, үй-бүлөсүндө, коомдо кор болуп бизге кайрылган аялзатынын көйгөйлөрүн угуп, аларды кабыл алууга дайым даярбыз”, – дейт Виктория Тянь.

“Сезим” борборунун адистери зордук-зомбулукка кабылган аялдарды алгач кеңсенин өзүндө жайгашкан 10 киши жашаганга ылайык үйгө кабыл алышат. Бул жайда кесипкөй психолог, юрист, психотерапевт, социалдык кызматкерлер иштейт. Бардык шарттар түзүлгөн. Кайрылган жарандар бул жакта убактылуу жашап, адистердин кеп-кеңешин алып, кайрадан нормалдуу жашаганга даяр болгондо өз чечимдери менен кетишет.

sezim3

“Борбор мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуу менен бирге эл аралык уюмдардан каржылык жактан колдоого ээ болуп келет. Жарандар бул жакта акысыз жашап, үй-бүлөдө же чөйрөсүндө болгон кайгылуу окуяларды терең анализдеп, мындан кийин кандай жашоо керектигин ойлонушат. Адистер багыттарды көрсөтүп, юристтин кызматтары керек болсо сот процесстерине чейин катышат. Көпчүлүк учурда аялдар күйөөлөрүнөн зордук-зомбулук көрүп качып келишет. Алар баарын анализдеген соң, балдарын, келечегин ойлоп, мындан кийин башка багытта жашаганга аракет кылып, күйөөлөрүн кечирип кайра үйлөрүнө кайтышат. Ал эми айрымдары сот процесстеринде сот акыйкатына жетип, өз алдынча жашоого багыт алышат”, – дейт психолог-консультант.

sezim2

Айрым учурда, зордук-зомбулукка кабылган аялдар үйлөрүнө кайткысы келбейт, же жашай турган үйү болбогондуктан борбордо калып, иш издөөнүн айласын издейт. Бул учурда “Сезим” кризистик борбору кайрадан жардамын аябайт. Тактап айтканда, 6 айдан 1 жылга чейин жашай турган атайын 15 кишилик үй бар. Ал жерде алгачкы этаптардан өткөн, психологдордун кеңешин алган, тандоодон өткөн айымдар айына 1000 сомдон төлөп кичинекей балдары менен бирге жашай алат.

“Үйгө бардыгын эле кабыл албайбыз. Орун чектелүү. Жашоосунда чындап өзгөргүсү келген, мындан кийин турмушунда өз ордун табууга умтулган, келечекке түз караган замандаштарды тандап алабыз. Алар бул убакыттын ичинде иш таап, туруктуу жашоону түзүп алышат. 1998-жылдан бери көптөгөн айым кайрылган. Алардын көпчүлүгү бүгүнкү күндө буттарына туруп, татаал тагдырларын жеңип, жакшы жашоого жетишкен. Бизге келип, жаңы келген кыз-келиндерге кеп-кеңештерин айтып, күч-кубат берип турушат жана биз менен кызматташкандары дагы аз эмес. Ошондой эле, бул жактагы кыз-келиндерди иш менен камсыз кылууга жардам беришет”, – деп жакшы ойлору менен бөлүшө кетти Виктория Тянь.

Бул сыяктуу борборлордун иштегени, коомдо көйгөйлөргө кайдыгер карабастан жалпыга жардам бергени албетте ич жылытаарлык көрүнүш. Учурда “Сезим” кризистик борбору сыяктуу уюмдар мамлекетте жокко эссе. Көпчүлүгү эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат. Бул да болсо жакшы көрүнүш. “Сезим” кризистик борборунун 0312 51 26 40 ишеним телефону дайым кызматта. Ар бир үйдө тынчтык, ынтымак өкүм сүрсүн.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу» долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Аман Алымбеков, Кабар, 19.12.2015,
http://kabar.kg/kyr/society/full/69110

1 Kомментарий

  1. Салам менин атым айсулуу 29 жашта бул эженин тагдыры ото кейиштуу Жана журокту ойкогон каратаккен мен 15-16 караганда кабылгам бирок кийин унутам балалуу болсом дечуумун азырделе жыргап кеткен жокмун мени эже орто жашта шундай ахыбалга тушкону окунтотат Эми 2 уулга ыйман берип мээрим менен караныз атасынан корбогон балдврыздан насип этсин кучтуу болунуз чокпонуз келечекке даны да туз карай бериниз сиз женес

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*