Элет жергесинде да укуктук жана юридикалык маалымат алуу жеңил болуп калды

pravo

Акыркы учурда жергиликтүү калктын укуктук жактан билимдүү болуусу мамлекеттин башкы маселелеринин бири болуп келүүдѳ. Баарыбызга белгилүү болгондой, укуктук жактан маалымат алуу шаар жергесинде жеңил жана жеткиликтүү. Ал эми айыл жергесинде бул нерсе бир аз аксап келүүдѳ.

Чүй областынын Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылында ПРООНдун «Сот адилеттүүлүгүнѳ жетүү» программасынын негизинде айыл ѳкмѳтүнүн имаратында акысыз юридикалык жана укуктук малымат берүү борбору ачылган. Борбор ачылгандан бери ага жардам сурап жүздөн ашуун адам кайрылган. Башында айтып ѳткѳндѳй эле бул жердеги кызматтардын баары акысыз.

Тычтыкбек Жусупбеков, борбордун кызматкери:

tynchtyk– Биз акысыз кызматтарды кѳрсѳтѳбүз. Ишимди баштаарда ѳзүмѳ мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга укуктук жактан жардам берүүнү кѳздѳгѳн элем. Биздин айылда 133 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катталган. Алардын үйүнѳ чейин барып, маалымат берип жүрѳм. Бирок аларга барып кандай жардам керектигин сурасаң, 10 үйдүн тогузу материалдык жардам сурашат.

Эң башкы кѳйгѳйлѳрдүн бири бул паспорт маселеси болду. Себеби кемпир-чалдар 1994-жылдагы паспорт менен жүрүшкѳн. Шайлоо алдында ал паспорт жарабай, тезинен алмаштыруу зарыл эле. Ошол маселе менен бизге кайрылышты. Баардык документтер ушул жерден бүтүп, 1 жуманын ичинде даяр кылып берип жаттык. Айта кетчү нерсе- бизге айлык акыны да ПРООНдон тѳлѳшѳт. Мындай айтканда, биз айыл ѳкмѳтүнѳ эч кандай зыяныбыз жок.

Дагы бир маселе алимент боюнча болуп жатат. Азыркы жаштар үй-бүлѳ кургандан кийин кѳп жашабай эле ажырашып жатышат. Ал маселе боюнча да кѳп кайрылышат. Биз болгону акысыз кеңеш беребиз. Эгерде биздин күчүбүз жетпесе, ПРООНдун мобилдик группасы бар, алар келип турушат. Биз чече албаган суроолорду алар чечип беришет. Бул борбордун келишими бир жылга түзүлгөн. Келишим бүткѳн соң бул нерсени ѳзүбүз камсыздап, кайрадан иштесек, жергиликтүү калк үчүн ѳтѳ эле пайдалуу болмок.

Эркинай Кудайбердиева, Кызыл-Октябрь айылынын тургуну:

erkayym– Бул борбор ачылгандан тарта мен борбордун кызматын пайдаланып келем. Мурда биз справкага жетүү үчүн айыл ѳкмѳттѳрүндѳ кезекке турчу элек. Азыр баары жѳпжѳнѳкѳй. Келесиң, сени жылуу тосуп алат. Маалыматты тѳкпѳй-чачпай айтып, кѳмѳк кѳрсѳтүшѳт. Жеке мен эки жолу жардам алдым десем болот. Неберем тѳрѳлгѳндѳ, туулгандыгы туралуу күбѳлүк албай калган экенбиз. Убакыт ѳтүп, ал неберем 16га чыкканда күбѳлүк абдан керек болду. Бул жакка кайрылсам, жол-жобосун айтып беришти. Ошентип 15 күндүн ичинде мен небереме күбѳлүк ала алдым. Бул борбор иштеп турса, жергиликтүү калк үчүн жеңил болмок.

Мындай борборлор Токмок шаарындагы Бурана айылында да үзүрлүү эмгек жасап келүүдѳ. Бул тууралуу аталган борбордун юристи Назира Молдосанова айтып берди:

– Борбор ачылганда жергиликтүү калк акылуу деп ойлоп кѳп кайрылган эмес. Ошондуктан ар бир үйгѳ барып түшүндүрүү керек болду. Бирок анда да ишенишпей, шайлоо алдындагы агиттация деп ойлошту. Бара-бара бизге кайрылгандардын саны ѳстү. Кѳбүнчѳ бизге жер маселеси менен кайрылышат. Себеби аларда кызыл китеби жок болуп калат. Биз колдон келген жардамыбызды сунуштап келебиз. Жумасына эки жолу юристтердин мобилдик группасы келип, жалпы жергиликтүү калкка маалымат беришет.

Бул борборлор ачылгандан тарта элет жергесиндеги укуктук жана юридикалык билим жогорулады.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Полит Клиника, 17.12.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*