Маршруттук таксилер эрежени сактабаса эмне кылуу керектигин билесизби?

marshrutka

Саадат Токтоболот кызы, студент: “Маршруттук таксилерди ким көзөмөлдөйт?”

Бишкекте маршруттук такси талапка жооп бербейт. Качан болбосун айдоочу орой мамиле жасайт, унаанын ичи кир, жол эрежелерин одоно бузушат. Мисалы, 216-каттамдын айдоочулары каршы жолго да чыгуудан коркушпайт, элдин убалын да ойлошпойт. Анысы аз келгенсип, бири-бири менен кубалашып, жарыш уюштурушат. Адамдарды ашыкча салышып, көздөгөн жериңе жеткенче пресстелип каласың. Арасында сылык айдоочулар да бар, бирок алар аз. Айрым учурларда алдынан башка машине чыга калса, элди көзүнө албай сөгүнүшөт. Уруксат берилбеген жерлерден деле адамды сала берет, көп учурларда бул өтө кооптуу. Анан ушуларды эмнеге эч ким көзөмөлдөбөйт? Ушундай жол эрежелерин бузуп жатканда каякка кайрылаарыңды билбейсиң.

“185” номери тууралуу билесизби?

Коомдук транспорттун айдоочуларынын эрежелерди бузуп, орой мамиле жасаган учурлары көп. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү максатында, Бишкек шаардык мэриясы атайын ыкчам чараларды көрүү кызматын уюштурган. Бул үчүн 185 номериндеги чукул жардам линиясына чалып, кайсы маршруттук каттамдагы, кайсы унаанын айдоочусу, кандай эрежелерди сактабаганын айтышыңыз керек. Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрынан 15-ноябрына чейинки убакытта Бишкек шаарынын мэриясынын ыкчам чараларды көрүү “185” кызматына 314 кайрылуу, арыз түшкөндүгү тууралуу маалымат бар. Алардын ичинен – 150сү каттоодон өтүп, 116сы же 77,3% аткарылган.

“185” номери аркылуу кайрылган жарандардын арыздары Бишкек шаардык мэриясынын Жол-техникалык көзөмөл бөлүмүнө келип түшөт. Алар эреже бузган коомдук транспорттун айдоочусуна чара көрүшөт.

 

Бакыт Калыков, Жол-техникалык көзөмөл бөлүмүнүн жетекчиси: “Айып пул төлөгөн учурлар болот”

– Бишкек шаарында кырктан ашуун жүргүнчүлөрдү ташып, кызмат көрсөткөн маршруттук таксилердин компаниялары бар. Жарандардан арыздануулар түшкөн учурда алгач ошол маршруттук каттам компаниясынын мүдүрүн, бригадирин, айдоочуну жана арызданган адамды көздөштүрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Ишти албетте, күчөтпөөгө аракет кылабыз. Эгер айдоочу одоно мыйзам бузгандыгын арыздануучу далилдей алса, анда ал айдоочу жумуштан алынат. Ал эми калган учурларда, башкача айтканда, жеңил эле түшүнбөстүктөр болгон болсо ал компаниянын мүдүрү өзү айдоочуга карата чечим чыгарып, эскертүү берилет. Буга чейин айдоочулар айып пул төлөгөн учурлар да болгон.

“Бул материал Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «КРдеги сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана БУУӨПтүн «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоорлорунун колдоосунда даярдалды”

Мунара Кадырдин кызы, Полит Клиника, 10.12.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*