Алган насыясын төлөй албай үйүн тарттырып койсо, банк үйдү сатып, калган акчаны кайтарып бериши керекпи? (оңдолду)

nasyya

Банктан насыя алып, бирок аны төлөп бере албай, карызга белчесинен батып, үй-жайын алдырып, ара жолдо калгандар жок эмес. Бүгүнкү каарманыбыз С. С. (белгилүү себептер менен каарманыбыздын аты-жөнү кыскартылды) бир учурда бизнес баштоо максатында насыя берүүчү кеңселердин биринен чоң суммада насыя алган. Бирок, «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» болуп, көздөгөн максатына жетпей, үй-жайынан ажырап калган. Эмесе окуя башынан болсун…

Кредит, насыя алгандар аны максаттуу пайдаланса деген ойдобуз. Бир банктан насыя алган соң, аны төлөп бүтөэлекте башкасынан албай кое туруу керек. Себеби, мурдагы насыясын жабам деп кийинки насыясын төлөй албай, күрөөгө койгон мүлкүнөн ажырап калып жатышат. Ошону менен катар эле насыя аларда мүмкүнчүлүгүнө да карашса жакшы болор эле.

«Насыяга алган акчага тигүү цехин сатып алдык»

– Келинчегим экөөбүз чакан кийим тигүү цехин 2009-жылы ижарага алып иштете баштаганбыз. Чындыгында башында өтө аз акча менен баштап, барган сайын биздин бизнесибиз өркүндөп, тапкан каражатыбызга чакан үйлүү болуп, биздин кубанычыбызда чек жок эле. Ага чейин эки уулубуз менен батирде турчубуз. Бир күнү келинчегим экөөбүз кеңешип, шаардагы банктардын бирине күрөөгө үйүбүздү коюп,кийим тигүү цехин сатып алууну чечтик. 2012-жылы «Кыргызстан» АКБдан үйүбүздү күрөөгө коюп, эки жылга 35 пайыздыкөлчөм менен 400 миң сом насыя алдык. Ойлогон оюбуз оңунан чыгып, кийим тигүү цехин сатып алдык. Бир жыл алган кредитибизди жакшы эле төлөп жаттык. Бир жылдан кийин цехти иштете албай,банкрот болдук. Анткени биздин цехтен тигилген товарларды Москвага жиберип, бирокакчасын ала албай калдык. Биздин товарларды алгандар алдап кетишти. Ошол учурда Кыргызстандагы абалдын туруктууэместиги да жолтоо болду. Чек ара бекеттери жабылып, жумуш токтоп, соода жүрбөй калды. Товарларың менен бирөөлөр аркылуу эптеп чек арадан өтсөң, акчаңды бири берсе, экинчиси уурдап качып жатышты. Акыры төрт жыл тапкан байлыгыбыздан бир заматта ажырап калдык.

«Насыяны төлөө максатында ар кимден карызга акча ала баштадым»

– Акыры насыяны төлөө мөөнөтү келгенде,эки айдай ар кимден карыздап акча ала баштадым. Акыры досторум, жакындарым «дагы акча сурайт да» деп менден кача башташты. Айлам куруп, эмне кылаарымды билбей, жакын таанышыбыздын биринен 100 миң сом үстөк пайызы менен алууга аргасыз болдум. Ага айына 10 миң сомдон төлөп турушум керек эле. Бирок, ары жагымда кокон тыйыным жок болсо кайсы акчамды төлөмөк элем. Же ал акчаны,же банктан алган насыяны төлөй албай калдым. Жашоо –турмушубуз да мурдагыдан өзгөрүлүп, күнүмдүк тамак-ашыбыз бирде болсо, бирде болбой калат. Айтор, мен үчүн акыр заман келгендей эле болду.

«Акыры үйүбүздү башка адамдарга бошотуп берип тим болдук»

– Ошентип жарым жылдай банктан алган насыя акысын төлөбөй калдым. Ал эми тааныштарымдан алган акчанын пайызы күн санап өсүп жатты. Бир күнү келинчегим экөөбүз үйдө отурсак, банктын кызматкерлери келип биздин үйүбүздү, жерибизди өлчөп, «Силерге жакшы эле убакыт бердик. Же бир жолу келипакыбалыңарды түшүндүргөн жоксуңар. Бир айдын ичинде алган насыяңарды төлөбөсөңөр,үйүңөрдү сатабыз» деп эскертүү берип кетишти. Бир айда бизде каяктагы акча! Акыры үйүбүздү башка адамдарга бошотуп берип тим болдук. Албетте, үйүбүздү күрөөгө койгонубузга өкүнүп,ызаланып да, ыйлап да алдык. Өзүбүз көчөдө калдык. Акыры келинчегим менен акылдашып, балдарды айылга ата-энебиздин колуна берип, экөөбүз батирге чыгып, иштейли деп чечтик. Азыр батирге айына 4500 сом төлөп жашайбыз. Жашообуз,кудайга шүгүр,мурдагыдан кыйла эле оңолуп калды. Жараткандыноор сыноолорунасынбастан, тескерисинче чыйралып, аман-эсен басып жүргөнүбүзгө шүгүр кылып жашап келебиз. Насыя аларда анын шарттары менен таанышпай туруп алсаң, кесепети жаман экенин ошондо түшүндүм. Бирок мен азыркыга чейин түшүнбөйм, банктагылар менин үйүмдү канчага сатышты, үй баары бир 400 миң сомдон кымбат болмок да, анан кредиттен калган акчаны алар мага кайтарышы керек беле же жокпу?

«Таанышыма ай сайын беш миң сомдон төлөп атабыз»

– Жогоруда жакын таанышымдан 100 миң сом алдым деп айтып өтпөдүмбү. Ал биздин насыяга үйүбүздү алдырып жибергенибизди угуп, өзү мага жолугуп «Досум, кыйналып жүрөсүң, билем. Кудай башка андайды салбасын. Мен сенден «берген акчаны пайызы менен төлө« деп сурабайм. Акчаң болгондо бөлүп-жарып болсо да кутулаарсың» деп көңүлүмдү жубатты. Азыр ай сайын ага 4-5 миң сомдон берип жатабыз. Буюрса, 4-5 айдан кийин ал карызыбыздан да кутулабыз деген ойдомун.

 

Асел Асаналиева, “Сезим” кризистик борборунун юристи: «Иш соттун чечими менен каралат»

– Эгерде үйүн күрөөгө коюп, банктан насыя алып төлөй албай жатса, банк үйдү сатат да. Мындай учурда банк кардар алган акчанын өлчөмүндөэле сатабы же кымбатка сатып, калган акчасын кардарга бериши керекпи?

Мындай учурга кабылганда насыя алган кишибанк менен макулдашууга кол коюшу керек. Келишим түзүлгөндөн кийин базар баасында сатып, банкка карызды төлөп жанакалган суммасыналса болот. Эгерде насыя такыр төлөнбөй, бул иш сотко өтүп кеткен болсо, иш соттун чечими менен каралат.

“Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 50-беренеси «Банктын кардарлар менен өз ара мамилелеринин негиздери» деп аталат. Ушул берененин пункттарынын негизинде банк менен кардардын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт.

1-пункту. Юридикалык жактарды жана адамдарды кредиттик-эсептешүү жагынан жана башка банктык тейлөө банк тарабынан келишимдин негизинде ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Келишимде жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чечилет.

4-пункту. Банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерге киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын өз ара алдын ала макулдашуусу боюнча гана киргизилиши мүмкүн.  Банктарга, эгерде келишимдин өзүндө башкача каралбаса, депозиттерди кабыл алууга тиешелүү келишимдерди бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө тыюу салынат. Банктык кызмат көрсөтүүлөргө же депозиттер жана насыялар боюнча проценттерге тиешелүү бардык өзгөртүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы же банк тарабынан анын бардык бөлүмдөрүндө маалымат стенддеринде жайгаштырылууга тийиш.

5-пункту. Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар, эгерде алар тараптардын келишүүлөрү боюнча чечилбесе, сот тар-тибинде чечилет.

6-пункту. Кардарларынын алдында алган бардык милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн эгерде келишимде башкача каралбаса, банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликкетартылышат.

Бул материал Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» жана «Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу» долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА, Полит Клиника, 03.12.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*