20 адам иштеген ишканада майыптуулугу бар 1 адам иштеши керек

3477_2

Жумуш берген тарап, менчик, жеке менчик же муниципиалдык болобу, алар мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга атайын шарт түзүп бергенге милдеттүү. Бирок бул номалардын баары толук иштебейт. Жумуш берүүчү тарап майыптуулукту толук түшүнбөйт же каражат жетишсиз деген сыяктуу себептери бар.

Кыргызстанда майыптардын иштөө укугу корголбой келет. Анткени ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды иш берүүчүлөр жумушка кабыл алуудан баш тартып келишет. Негинен мыйзамда белгиленген квота боюнча ар бир мекемеде 5 пайыз жумушчу ордун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар түзүшү керек. Бирок бул мыйзам ченемдүүлүк аткарылбайт. Бул мыйзамдын иштөөсунө эмне тоскоол болууда? Деги эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жумуш орду менен камсыз болууда кандай тоскоолдуктарга туш болушат? Бул маселенин алкагында «Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фондусунун башчысы Толкун Исаков менен маектештик.

-Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү негизинде КРнын эмгек кодексинин 314, 315 беренелери бар. Майыптардын укугун коргоп келе жаткан укук коргоочу катары айтсаңыз, бул аталган мыйзам канчалык иштеп жатат?

– Жумуш менен камсыз болуу, бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга карата жакшы мыйзамдар бар. Бирок алар иш жүзүндө толук кандуу иштебейт. Жумуш берүүчү тарап майыптуулукту толук түшүнбөйт же каражат жетишсиз деген сыяктуу себептери бар. Юрист катары айтсам, ошол мыйзамдарды толук кандуу иштеткенге атайын механизмдер иштелип чыккан эмес. Администартивдик кодекс жөнүндө айта турган болсок, калкты жумуш менен камсыз кылган борборлор жумуш таап берүүдөн баш тарткан учурда алар административдик жоопко тартылат. Ошондой эле, ушул борборлор жумуш берчү уюмдарга жөнөткөн кезде, алар кабыл албаса, бул боюнча да административдик жоопко тартылат. Жумуш берген тарап, менчик, жеке менчик же муниципиалдык болобу, алар мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга атайын шарт түзүп бергенге милдеттүү. Бирок бул нормалардын баары толук иштебейт. 

 -Эмне үчүн бул нормалар өз натыйжасын беле албай келет?

-20 адам иштеген жерде 1 майыптуулугу бар адам иштегенге акылуу. Ошол жумуш берген уюм бул адамга шарт түзгөнгө милдеттүү. Бирок бул мыйзам аткарылбайт. Анын себептеринин бири мүмкүнчүлүгү чектелгендердин адискөйлүк маселеси. Жумушсуз деп айтып келегенибиз менен тилекке каршы бул тармакта билимдүү, адискөйлөр аз. Бирок билими болуп, мыкты адис болгон күндө анын жумушка, айлык-маянага болгон талабы, жумуш берүүчүнүн талабы менен төп келбей калат.

-Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жумушка орношкондо кандай тоскоолдук, кыйынчылыктарга туш болушат?

-Жумуш менен орношкондон кийин да тоскоолдуктар болот. Тоскоолдук майыптуулугуна байланыштуу болгону менен жумуш берген тарап эч качан ага шилтеме жасабайт. Башка себептерди табат, адискөйлүгүнө, жумуш тартибине асылат. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелгендердин өз укуктарын толук билбегени болуп жатат. Ар бир жаран өз укугун билиши керек. Өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. 

-Бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүгү чектелгендердин канча пайызы жумуш менен камсыз болгон жана канча пайызы жумушсуз?

Статистикалык так маалымат Эмгек жана социалдык, өнүгүү министрлигинде болсо керек. Бирок азыркы тапта эч ким толук статистикалык маалымат бере албайт. Министрлик 168 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар деп келет. Бирок учурда ачыкка чыкпаган, жабык факторлор бар. Өзүнүн майыптыгын билбей жүргөндөр же майыптуулугун кабыл албай, өзүн майып эмес деп эсепгендер бар. Ошондой эле майыптуулугу убактылуу айтылып, аны кайрадан медицинадан текшерип тактаганга мүмкүнчүлүгү болбогондор кездешет. Бул тармакта да коррупциялашкан факторлор бар. Дарыгерлер, адистер тараптан каражат талап кылганына байланыштуу, толгон-токой документти толтуруп, убакытты кетирип, болгон 2000 сомдук пенсия үчүн деп, майыптуулугун аныктаганга барбай койгондор бар.  

-Коррупциялашкан деп, эмнени жүйөө келтирип жатасыз?

Майыптуулукту аныктаган орган бар. Медико социалдык эксперттик комиссиянын адистери тараптан да коррупциялык элементтир бар. Майыптыгы бар жарандардын макамын аныктап бериш үчүн каражат талап кылган учурлар болот. Маселен, 2-топтогу майыпты, 3-топтогу майып деп жазам дешет. Ал эми 2-топтогуга караган 3-топтогу майып аз пенсияга, жеңилдиктерге ээ болот. Ошондуктан ал жаран “чөнтөгүн” чукулап акча берип, 2-топтогу майып экенин жаздырышат. Ушул сыяктуу маселелер көп болуп жатат. 

-Майыптар кайсы кызматтарга иштегиси келет?

-Союз учурунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын ишканалар болгон. Алар мамлекеттик буйрутмаларды аткарып турган. Ал эми учурда ким аракет кылса ошол жумушка орношуп жатат. Замандын талабына адискөй юристер, экономисттер, компьютер технологиясы менен алектенгендер бар. Эч кандай билими жок туруп, кара жумуш менен иштегендер кездешет. 

-Мына айрым өнүккөн өлкөлөрдө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жумуш ордун түзүп эң жакшы шартта карашат. Биз качан ушундай шарттарга жетебиз, бул көйгөй чечилбей келишине эмне себеп болуп жатат? 

Негизги себеп, эки тарапта тең бар. Ошол майыптыгы бар жарандын тиешелүү адискөйлүгү төмөн болгондо же толук жумушта иштегенден баш тартканда. Айрымдар баардык жеңилдиктерге көнүп калып, иштегиси келбейт. Ал эми жумуш берүүчү тарап, майыптыгы бар адамды жумушка алып, анын жоопкерчилигин алгысы келбейт.

-Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз. 

Автор: Гүлназ Мамытова, Марал ФМ

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*