Күйөөм айылдаш келин менен мамиле күтүп, үйлөнүп, эми мүлк талашууда

nurgulНургүл Акматова күйөөсү Садыбакас Койчуманов менен он жылдан бери чатакташып келет. Акыры ажырашып тынышса да, ортодо тапкан мүлктү бөлүшө албай, убайым тартууда. Эмесе, окуя тууралуу каарманыбыздын өз оозунан угалы.

– Садыбакас Койчуманов 1983-жылы мени ала качып, баш кошуп калганбыз. Экөөбүз теӊ Кемин районунун Боролдой айылынан болобуз. 1984-жылы кыздуу, 1988-жылы уулдуу болдук. Жаңыдан баш кошконубузда оокат-мүлктөн эч нерсебиз жок эле. Жашоонун ачуу-таттуусуна чыдап, ал талаага чыкса, мен үй оокаттары менен алектенип, жер иштетип, кызылча эгип, үй, машина сатып алдык.

Бутубузга тургандан кийин, 2001-жылдан тартып күйөөмдүн баскан-турганы өзгөрүп, мага ороңдоп, кол көтөрүп, кээде үйгө келбей калып жатты. 2003-жылы айылыбыздагы Алфия аттуу келин менен мамиле кура баштады. Алгач мындай кылыктарына маани берген эмесмин. Сыркоолоп бейтапканага барсам, айылдык келиндер «Эмнеге ушул убакка чейин үн катпай жүрөсүӊ? Күйөөӊ башка келинден уулдуу болуптур» дешкенинен, өзүмдү жаман абалда калтырбайын деп, «Анын баарын билем» деп чыгып кеттим.

Үйгө келип, Садыбакаска «Сен уулдуу болгон турбайсыӊбы?» десем, дегеле үндөгөн жок. Ызага буулугуп турсам да, ашык сөз айтпай, оокатымды жасап жүрө бердим. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, айлам кетип «Балаӊды алып кел. Мен деле багып чоӊойтом» десем, «Ал келин баланы бербейт» деп тим болду. Акыры күйөөмдүн бул кылыгы айылга билинип, уятыман көчөгө чыга албай калдым.

Ал келинди таштабай турган болуп…

Күйөөмдүн мындай кылыгына ызаланып, «Эмне үчүн менин башымды аттайт» деп бир туугандарын чакырып, ары же бери болууну туура көрдүм. Кайнежелеримдин бардыгы келишти. Ошондо күйөөмө «Кандай чечим кыласыӊ?» десем, «Мен ал келинди таштабайм» деди. Бир күн үйдө болсо, эртеси ал жакта болуп, эки ортодо жүрүп, акыры 2008-жылы 21-августта үйдөн чыгып кетти. Алфия менен Бишкек шаарында батирде чогуу жашап жүрдү. Бир айдан кийин кайра келди. Куда-сөөк күтүп калганда балдарым үчүн жашайын деп унчуккан жокмун. Бирок ызы-чуу чыгарып,сени менен жашабайм деп дагы кетип калды.

Кара чечекей кызыма мени жек көрсөтүп…

– 2004-жылы кызыбыз Наргизаны ала качып кетип,бир кыздуу болгондон кийин, күйөөбалабыз экөөнүн мамилеси келишпей ажырашып кетишкен. Неберем Айзананы колума алгам. Кийинки жылы кызым экинчи ирет турмушка чыккан. Ошондо атасы шаардагы үйдү кызыбызга берген.Кызым күйөө балабыз менен ошол жерде жашачу. Күйөөм мага «Сен шаарга барып жаша. Кызыбызга берген үйдү сага берем» дегенинен, макул болгом. Шаарга келсем, кызым мага таарынып, сүйлөшпөй жүрдү. Көрсө атасы кара чечекей кызыма жек көрсөтүп, шаардагы үйдөн кайненеси менен кошуп кууп чыгыптыр. Ал тургай сепке берген оокаттарды да алып калыптыр. Ошол күндөн тартып күйөөсү кызымды сыйлабай сабап, кордук көрсөтө баштаптыр. Мен кызымдан үй талашкандай болуп калдым. Бир күнү кызымды тааныштары аркылуу иштеген жерине таап барып, урушуп, ыйлап да алдым. Акыры ал Москвага,кайын эжелериникине кетти.

«Балам мага кол көтөргөнгө чейин барууда…»

– 2009-жылы Садыбакас менен мыйзамдуу түрдө ажырашып кеткенбиз. Эки жылдан кийин ал Алфия менен никеге туруп, өзүнүн фамилиясынакаттаткан экен. Экөөбүз бирге тапкан мүлкүбүзгө көз жумуп, болгону шаардагы үйдү мага берсин деп Кемин райондук сотуна кайрылгам. Ортодо жактоочум ооруп, иш токтоп калган. Кайрадан Орозбакова Элиза аттуу адвокат алып, ишти жылдыра баштадык. Райондук сот мүлкүбүздү теӊ экиге бөлүүгө чечим чыгарган. Бирок күйөөм ага көнбөй, «Малдын баарын сатып жибергенсиң» деп Чүй облустук сотуна апелляция жазып жатат. Анысы аз келгенсип, «малды сатып жиберген» деп балама да жаман көрсөттү. Анын айынан балам мага кол көтөргөнгө чейин барууда (көзүнө жаш алып). Мен күйөөмдөн шаардагы үйүбүздү мага берсин деп жатам. Башка эч нерсе сураган жокмун.

Асел АСАНАЛИЕВА, «Сезим» кризистик борборунун юристи: «Экинчи аялы байлыгына тийише албайт»

Акыркы кездерде менин тажрыйбамда күйөөсү менен аялы ажырашып, байлыгын бөлүшө албай чырдашкан учурлар көп кездешүүдө.

1. Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин «Жубайлардын мүлкүнүн мыйзамдуу режими» деп аталган 7-бөлүмүнүн 39-беренеси «жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү» деп аталат. Ошол берененин пункттарынын негизинде ажырашып атканда жубайлар мүлктөрүн бөлүштүрө алышат.

Алар:

  • Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү нике мезгилинде да, нике бузулгандан кийин да жубайлардын ар биринин талабы боюнча, ошондой эле жаза чараны жубайлардын жалпы мүлкүндөгү алардын биринин үлүшүнө айландыруу үчүн жалпы мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө кредитор тарабынан билдирүү жасалган учурда жүргүзүлүшү мүмкүн.
  • Жубайлардын жалпы мүлкү алардын макулдугу боюнча жубайлардын ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Жалпы мүлктү бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын макулдашуусу алардын каалоосу боюнча нотариалдык жактан ырасталышы керек.
  • Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө, ошондой эле бул мүлктөгү алардын ар биринин үлүштөрүн аныктоодо талаш-тартыш келип чыкса, ал сот тартибинде чечилет. Жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө сот жубайлардын талабы боюнча кайсымүлк жубайлардын кимисине бериле тургандыгын аныктайт. Эгерде жубайлардын бирине берилип жаткан мүлктүн наркы ага тиешелүү үлүштүн наркынан ашып кеткен учурда, экинчи жубайына тиешелүү өлчөмдөгү акчалай же дагы башка компенсация ыйгарылышы керек.
  • Сот үй-бүлө мамилелери токтотулган учурда жубайлардын ар бири өз алдынча жашаган мезгилде арттырган мүлкүн алардын ар биринин жеке мүлкү катары тааный алат.
  • Жашы жетпеген балдардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн гана сатып алынган буюмдар (кийим-кече, бут кийим, мектеп жана спорт шаймандары, музыкалык аспаптар, балдар китепканасы жана башкалар) бөлүштүрүлбөйт жана балдар жубайлардын кимиси менен жашаса, ошого компенсациясыз берилет. Жубайлардын жалпы мүлкүнүн эсебинен алардын ортосундагы жашы жетпеген балдардын атына салынган аманаттар, ушул балдарга таандык деп эсептелинет жана жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүргөндө эсепке алынбайт.
  • Никенин мезгилиндеги жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүүдө жубайлардын бөлүштүрүлө элек жалпы мүлкүнүн бир бөлүгү, ошондой эле никенин мезгилиндеги жубайлар арттырган мүлк андан ары алардын ортосундагы мүлктү түзөт.
  • Никеси бузулган жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө жубайлардын талаптарына карата доонун эскиришинин үч жылдык мөөнөтү колдонулат.

2. Эгерде аялы менен ажырашып, андан кийин үйлөнүп балалуу болгон болсо, экинчи аялыкүйөөсүнүн биринчи аялы менен жашап жүргөндө тапкан байлыгына эч кандай тиешеси болбойт.

3. Жогоруда жолдошу аялын «малдарымды сатып салды» деп күнөөлөп атпайбы», мындай учурда аялы «ооба саткам, саткан малдын акчасы тамак-ашка кетти» деп койсо, андан эч нерсе өзгөрбөйт.

«Бул материал БУУнун өнүгүү программасынын жана Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу” долбоорлорунун көмөгү менен даярдалды».

Кымбат Турдубекова, «Полит Клиника», 26.11.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*