«Балам оорулуу майып болсо, мен эми төрөбөс аял болсом, кайда жана кимге барарымды билбейм»

torobos

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылынын тургуну М. Жакыпова арыз менен кайрылды. Бул арызда кызы Айгүл (аты өзгөртүлдү) жеке турмушунда зордук-зомбулука кабылып, мүмкүнчүлүгү чектелген 2 жаш 7айлык баласы менен укугу тебеленип жаткандыгы тууралуу жазылган. Ушул арыздын негизинде каарманыбыз Айгүл менен сүйлөшкөнүбүздө, өз жашоосунан оор ушкурунуп алып төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Быйыл 26 жаштамын биздин турмуш курганыбызга 7 жылдын жүзү болду. 2013-жылы аз кандык (анимия) оорусу менен, оор абалда ден-соолугум жакшы болбогонуна байланыштуу Ош шаарында көз жардым. Азыр балам 2жаш 7 айлык болду тубаса майып болуп төрөлдү. Төрөт учурунда жатынымды алып салган, ачыгын айтканда эми төрөбөс аялга айландым. Жолдошум 37 жашта менин төрөбөс болуп калганымды уккан жолдошум күн алыс мени токмоктоп, жүзүмү көгөртүп катуу сабачу болду. Ушул жашоо кайталана берип, өзүмда катуу коркуп стрес алып түрдүүчө оруп калчу болдум. Баламды Бишкектен дарылатуу керек апам 15миң сом акча таап берди эле аныда алып өз кызыкчылыгы үчүн иштетип жок кылды. Эми баламы даарылатканы акча жок ажырашайын сен үйлөнө бер десем баланы мага таштайсың дейт. Эгер баламды таштасам балам тубаса майып болсо аны ким карайт. Кийинки алган аял карабайт мен баламды алып кетем десем макул болбой жатат. Анын оюу эле мен баланы алып кетсем алимент, үй талашат деп тынчсызданып жататда. Ооба эгер өзүмдүн, баламдын, ден-соолугубуз чың болгондо макул элем анын эч нерсесине зарыкпайт элем. Балам оорулуу майып болсо, мен эми төрөбөс аял болсом, кайда жана кимге барарымды билбейм. Мен укугумду билбей жатам мен кандай жол менен укугумду коргой алам. » -дейт Айгүл.

Аялдардын укугун ким коргойт?

Бул окурманыбыздын тагдырын уккандан соң, элет жериндеги өзүнүн жана баласынын укугу бузулуп айласы кеткен аялдын укугун ким коргойт? деген суроонун негизинде иликтөө жүргүздүк.

КРнын акыйкатчысы Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Хаит Айкынов төмөнкүлөргө токтолду.

«Негизинен балага эне менен атанын укугу бирдей. Бирок мыйзамда бала 18 жашка чейин энеси менен болуусуна артыкчылык берет. Менин оюмча бул аялдын төрөт укугунан ажыраганы чоң маселе, бала энеси менен болгону мыйзамдуу болот. Бул маселе сот аркылуу гана чечилет. Сотто мыйзам менен эгерде энесинин баланы кароого шарты бар болсо, майып баланы энесине калтырышы керек. Эгер бала энесинде калса, атасы аларды мыйзам чегинде каржылап, алимент төлөп туруусу зарыл. Эгерде алимент кунумдук керектөөсүнүн минималдуу бөлүгү болсо, анда мамлекет жөлөк пул берүүсү керек.

Ал эми мүлк бөлүштүрүү маселесине келсек , мыйзамда Жубайлар бирге жашаганда күткөн байлык экөөнө тең болсо атага, энеге, балага тең бөлүнүп берилет. Бала ким менен болсо баланын мүлкү да өткөрүлүп берилет.

Мисалы диний жактан алып карасак, мусулман дининде майып болсо болбосо деле эне менен баланы ата багууга милдеттүү.

Баарына эле белгилүү жогорудагыдай укугу бузулган аялдардын саны өсүүдө. Бирок бул статистикалык маалымат эмес, себеби көпчүлүк учурда эскичилик, тууганчылык кылып бүтүрүп коюшат. Өз укутарын коргоп арыз жазып тийиштүү жерлерге кайрылбай эле өз ара келишип алышат, же кайда жана кимге кайрыларын билишпей жыйынтыгында укуктары бузулган аялдар көп кездешет.

Бардык эле жарандар акыйкатчыга кайрылып тийиштүү юридикалык кеңештерди алса болот. Эгер жаран кандайдыр бир мекемеге мисалы сот, милиция, закс жана башка ушул сыяктуу бардык органдарга арыз менен кайрылып, чыккан чечимге канааттанбаса, анда бизге арыз менен кайрылса ошол жетекчиликтен мыйзамдуу жагын талап кылууга укугубуз бар. Акыйкатчы мыйзам чегинде укугу бузулган жаранга жардам берүүгө толугу менен укуктуу»,-дейт КРнын акыйкатчысы Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Хаит Айкынов. 

Баткен райондук социалдык коргоо башкармалыгынын Үй бүлө жана балдарды коргоо бөлүмү соттон чечим чыккандан кийинки мыйзамдуулук жактарына токтолду.

«КРнын мыйзамына ылайык бала өз апасы менен 10жашка чейин болуусу керек. Ал эми бала 10жашка чыккандан кийин апасы менен же атасы менен чогуу жашайбы ал баланын өз тандоосу менен чечилет. Эгерде бала апасы менен чогуу калган учурда бала кароосуз калса анда атасы сот аркылу баланы кайрып алуусу мүмкүн.

Бул жогорудагы үй-бүлө тууралуу айтсак бала кичинекей жана мүмкүнчүлүгү чектелген болгондуктан, сөзсүз түрдө апасына алынып берилет. Ал үчүн Айгүл адвокат жалдап сотко арыз жазышы керек. Мисалы арызда ажырашуу жөнүндө гана эмес бала мени менен чогуу калсын жана үй мүлк жагы чечилип берүү жагын так көрсөтүп жазуусу абзел.

Сотко арыз жазгандан кийин биз бул үй-бүлөнү изилдеп үй жай мүлкү туурасында атайын акт түзүп изилдеп беребиз. Эгер соттон чечим чыгып андан кийин соттун чечиминин негизинде иш аткарылбай, же баланы атасы кайрадан талашып бербей коюшу мүмкүн. Анда биз айыл өкмөт, аксакалдар соту, айылдык социалдык кызматкерлер менен биргеликте тийиштүү чараларды көрүп, баланы мыйзамдын негизинде энесине алып беребиз»,-дейт /й-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүмүнүн башчысы Мамлакат Салихова.

«БулматериалБУУнунөнүгүүпрограммасынынжанаФинляндиянынтышкыиштерминистрлигинин“КыргызРеспубликасындасотадилеттигинемүмкүнчүлүктүкеңейтүү”жана“ТуруктуутынчтыктыкамсызкылуумаксатындаУкуктунулуктугунжанасотадилеттигинемүмкүнчүлүктүжакшыртуу”долбоорлорунункөмөгүменендаярдалды». 

Айпери Сапарбаева, “Кызыл Туу”, 30.10.2015-ж.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*