Кыргызстанда укук бузууларды жашыруу көйгөйү бар

25-ноябрда болгон КРнын ИИМ Коомдук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө аталган министрликтин башкы штабынын начальниги Бактыгул Абдыжалиев Кыргызстанда Улуу Британияга караганда жашоо коопсуз экендигин билдиргендигин “Реформа жана жыйынтыктар үчүн” жарандык союзунун маалымат кызматы кабарларды.

Милиция чиновниги өз пикирине далил катары 1,6 млн калкы бар Түндүк Ирландияда жыл сайын 100 миң кылмыш жасаларын, ал эми 6 млн калкы бар бизде 18-20 миң кылмыш жасалары менен далилдеди. Б. Абдыжалиевдин айтуусунда, бул маалыматтар ИИМдин жакшы иштеп жаткандыгын жана Кыргызстанда нравалуулук жогору экендигин көрсөтүп турат.

Бирок ИИМ өкүлүнүн бул сөзүнө “Реформа жана жыйынтыктар үчүн” жарандык коомунун эксперттери өздөрүнүн аргументтерин каршы коюшууда. Кылмыштуулуктун деңгээлинин айырмачылыгы криминалдык статистиканы жүргүзүүнүн сапатына байланыштуу болушу мүмкүн.

Европа өлкөлөрүндө каттоого алынган кылмыштар бир топ көп. Себеби эң эле майда деп эсептелген кылмыштардан баштап, баардыгы эсепке алынат.
Ал эми Кыргызстандын милициясынын ишмердүүлүгүнө советтик мезгилден тартып эле ачылган деңгээлине карап негизделет. Натыйжада ички иштер органынын таза иштебеген кызматкери эгер тигил же бул кылмыштын бетин ачууга көзү жетпесе, арызды каттабай коюшу мүмкүн. Өкмөт мындай жагдайды жакшы билет жана баардык жасалган кылмыштарды каттоого алуу керек экендигин жокко чыгарбайт.

Жаап-жашырылган кылмыштардын дагы бир себеби айрым жарандар өздөрү укук коргоо органдарына кайрылышпагандыгы менен байланыштуу. GORBI компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык иликтөөнүн натыйжасында кылмыштан жабыркаган аз гана адамдар укук коргоо органдарына кайрыла тургандыгы белгилүү болду. Мисалы, акыркы беш жылда талоончулукка туш болгон 41% адамдар гана милицияга арыз менен кайрылышкан.

Кырдаал ички иштер органдарынын ишине комплекстүү баа берилгенде гана өзгөрүшү мүмкүн. Мындан тышкары кылмыштарды эсепке алган китепти электрондук каттоого алууну да тездетүү зарыл. Ошондо жарандардын баардык арыздары катталып, борборлоштурулган көзөмөл жүргүзүлөт. Жасалган кылмыштар тууралуу арыздарды каттоого алууну жөнөкөйлөштүрүү да жагдайды жеңилдетиши мүмкүн.

Кабар

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*