Дагы эле жөлөкпул жөнүндө

Жөлөкпулду Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамына ылайык, үй бүлөлүк бир айлык кирешеси 810 сомдон ашпаган, аз камсыз болгон, балалуу үй бүлөлөр алат. 2015-жылдын  5-августундагы № 217 мыйзамына өзгөртуулөр киргизилип,анда

– балдары бар аз камсыз болгон үй бүлөлөргө ай сайын бериллүүчү жөлөкпулдун бирдиктүү  өлчөмү  16 жашка чейинки балдарга  705 сом;

– бала төрөлгөндө  бир жолу бериллүүчү  жөлөкпулдун өлчөмү  2430сом;

-эгиздерге  үч жашка чыкканга чейин ар бирине 810сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнөөрү  белгиленген.

Мындан тышкары көпчүлүк элдин кайрылууларынан кийин буга чейин 2010-жылы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамда муздаткыч, кир жуугуч машина, түстүү телевизору болсо да жөлөк пул төлөнгөн эмес. Анткени аз камсыз болгон үй бүлөлөр мындай кымбат буюмдарды алууга чамасы жетпейт деген. Бирок жөлөкпүл алуучулар тарабынан нааразычылыктар өтө эле көп болгон. Ошондуктан биз бир канча жолу министрликке мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кат менен кайрылып, жыйынтыгында жогорудагыдай буюму барлардын  кайрадан жөлөкпул алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү дейтСоциалдык өнүгүү  башкармалыгынын Баткен райондук социалдык кепилдиктерди дайындоо бөлүмүнүн башчысы Калыкбай Тажибаев.

Баткен шаарынын тургуну Нурайым Момунова эки баланын энеси. Ал буга чейин саламаттыкты сактоо мекемесинде иштеп, декреттик эс алууга чыккан. Нурайымдын жолдошунун туруктуу жумушу жок. Нурайым азырынча үйдө иштебей олтурганда балдарына жөлөкпул алуу үчүн  тийиштүү мекемеге кайрылганда алардын үй бүлөсүнүн эсебинде автоунаасы бар экендиги аныкталып, ага жөлөкпул төлөнбөй тургандыгын айтышкан.

Бирок Нурайымдын айтымында бул унаа эскилиги жеткендигине байланыштуу иштетилбейт жана үй бүлөгө эч кандай киреше  алып келбейт.

Ошондой эле бүгүнкү күндө автоунаасы, мал мүлкү, бизнеси бар өзүнө ток үй бүлөлөр да байлыгын жашырып, жөлөкпул алып жаткандар бар деп ойун кошумчалады Н.Момунова.

Бул маселеге  Социалдык өнүгүү  башкармалыгынын Баткен райондук социалдык кепилдиктерди дайындоо бөлүмүнүн башчысы Калыкбай Тажибаев мындай деп жооп берди.

Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө жана дайындоо боюнча жалпы жоболор бар, ага ылайык үй бүлөнүн узакка колдонуучу товары, автоунаа, айыл чарба техникасы, жүк ташуучу автоунаасы болсо жөлөк пул төлөнбөйт. Ошондой эле үй бүлө курамы 10 кишиге жетпесе,үч уйу же эки жылкысы, 25 кой эчкиси болсо да жөлөк пул төлөнбөйт.

Бирок жогорудагы Нурайым Момунованын үй бүлөсүнүн эсебиндеги автоунаа чын эле жараксыз экендигин ал жашаган аймактагы жергиликтүү бийликтен атайын соц комиссия түзүлүп, ал үй бүлөнүн муктаждыгын аныктап, чечим чыгарып бериши керек. Комиссия алардын үй бүлөсүнүн эсебиндеги автоунаа чын эле жараксыз экенин аныктап берсе, аларга жөлөкпул төлөнөт.

Ал эми өзүнө ток үй бүлөлөр мамлекеттен жөлөкпул алып жаткандар жок деп айта албайм, Андайлар бар. Бирок алардын байлыктары башка бирөөлөрдүн атында же өкмөттүк эмес ишканаларда иштеп жакшы киреше тапкандар бар. Бирок алардын жашырган кирешелери ачыкталып калса мамлекеттен алган жөлөкпулду кайра мамлекетке төлөп беришет.

Ошол эле учурда  көп балалуу үй бүлөлөр бар, короосунда 2,3 малы же бир жеңил автоунаасы бар. Алар ошол уйдун сүтү менен эптеп үй оокатын өткөрөт же унаасы менен такси айдап күнүмдүк оокатын өткөргөндөр арбын. Бирок мындай үй бүлөлөр биздин мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү  мыйзамга ылайык  16 жашка чейинки куракта 5 баласы болсо да аз камсыз болгон үй бүлөлөргө кошулбайт жана аларга жөлөкпул төлөнбөйт дейт К.Тажибаев.

Буга чейин 2010-жылы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамда муздаткыч, кир жуугуч машина, түстүү телевизору болсо да жөлөк пул төлөнгөн эмес. Анткени аз камсыз болгон үй бүлөлөр мындай кымбат буюмдарды алууга чамасы жетпейт деген. Бирок жөлөкпүл алуучулар тарабынан нааразычылыктар өтө эле көп болгон. Ошондуктан биз бир канча жолу министрликке мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кат менен кайрылып, жыйынтыгында жогорудагыдай буюму барлардын  кайрадан жөлөкпул алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БУУПӨПтүн “Кыргыз Республикасында сот адилеттигинемүмкүнчүлүктү кеңейтүү” жана “Туруктуу тынчтыкты камсыз кылуумаксатында Укуктун улуктугун жана сот адилеттигине мумкунчүлүктүжакшыртуу” долбоорлорунун алкагында даярдалды.

Чолпон Бердикулова, Баткен таңы, 23.11.2015

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*